Айыл жергесинде жумушсуздукту жоюу боюнча ар кыл иштердин болуп жаткандыгы элдерди кубандырбай койбойт. Нарын районуна караштуу Оттук айылында чакан кийим тигүүчү цех ачылды. Бул цехте жалпысынан 7 тигүүчү автоматтык машина бар. Атайын буйрутма боюнча бычылган кийимдердин үлгүлөрү келип, жумушчулар аларды тигип өткөрүп, үй — бүлөсүнө белгилүү бир өлчөмдө кирешелерди киргизип турушат.
Кийим тигүүчү цехте иштер абдан кызуу жүрүүдө
Эжелер өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдө
Оттук айылынын тургуну Назгүл Жангазиева
Бул цехте мурда эле тигүүчүлүк менен алектенип жүргөн атайын тажрыйбалуу айымдар иш алып барышат. Алардын катарына кошулам деген Оттук айылынын тургуну Назгүл Жангазиева өз ою менен бөлүштү:
“Мен кичине кезимен эле кийим тигүүгө абдан кызыгам. Көпчүлүгү кичинекей балдардын кийимдерин тигип келем. Муну менен катар кыздардын да кече көйнөктөрүнө буйрутма алып, тигип келем. Буга чейин кол машинада иштечүмүн, азыркы учурда автомат машинада тигүүнү үйрөнүп жатам. Цех ачылгандан бери бул жерде иштеген эжелердин жардамы менен тигүүчүлүктүн ар түрдүү чеберчиликтерин өздөштүрүп жатам. Шыгым бар болгондуктан бат эле үйрөнүп кеттим”.
Акылай Алмазбекова