Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия орто мектебине Бишкектеги «Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук бирикмесинин клиникалык психологдору келип, окуучуларга интернет сайттары боюнча түшүндүрмө берди.
Өспүрүмдөрдүн интернетти туура колдоно билүүлөрүн алдын алуу боюнча 13-февралда мектепте психолог адис менен аңгемелешүү болуп өттү. Аңгемелешүү оюн түрүндө өтүлдү.
Мектеп жамаатынын окуучуларына интернет жөнүндө оң жана терс жактары боюнча даярдалган иш чара өткөзүлдү.
Перизат Асылбаева, клиникалык психолог:
— Биз «Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» деген уюм бар, ошол жерде иштейбиз. Балдардын укуктарын коргойбуз, балдар үчүн жакшы долбоорлорду иштетебиз. Окуучуларга интернеттин пайдалуу жана зыяндуу жактарын айттык. Интернеттен китептен таппаган темаларды жана керектүү маалыматтарды алсак болот. Эгер биз таштанды сыяктуу эле баарын кабыл ала берсек, мээбиз дагы таштанды болуп калат. Интернетти туура пайдаланса бул билимдин бир булагы десек болот.
Нуриза Батырбекова, психолог:
— Албетте ар бир нерсенин оң жана терс жактары бар. Мисалы мен интернетти адис катары колдоном. Эгер ата-энеси өз баласын туура, жакшы караса, ал бала албетте туура жакка барат. Катышкан окуучулардын жарым-жартылайы укса да, чоң иш чара болду деп эсептейм. Мындай лекцияларды үзгүлтүксүз өткөрүп турсак, интернет боюнча балдарга толук жана жакшы маалымат жетет деп ойлойм.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы
Редактору: Дастан Жаркымбаев
Сынак үчүн