Баетов айылында 15-февраль ооган коогалыңынын 28 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер, аскер комиссариаты катышты.
Салтанат согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү менен башталды. Андан соң маркумдарга багышталып куран окулду.
Райаким Семетей Черикбаев «бул дата унутулбай, келечек ээлери тарабынан эскерилип, эрдиктери даңазаланып турат» деп айтты. Ошондой эле аким Жаныбек Жолдошовду жана Кубанбек Кадыракуновду администрациянын Ардак грамотасы менен сыйлады.
Райондун аскер комиссарынын орун басары Урмат Маратбаев куттуктоо сөзүн айтып, ооган согушунун катышуучусу Турсунбеков Таалайбекке, Турганбаев Аманбайга, Өмүров Абдылдага сыйлыктарын тапшырды. Аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек Дөлөев, Аялдар кенешинин төрайымы Букен Турдубекова да ардагерлерди куттуктап, белектерин тапшырышты.
Баетов айыл өкмөтүнүн атынан Маматов Сагынбекке, Үмөтов Абылгазыга Ыраазычылык катын тапшырды. Ошондой эле Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинен окуучулардын атынан Шерикбаева Адина ооган согушун ардагерлерин куттуктады.
Коомдук бирикменин медалдарын Атаев Алманбетке, Борбиев Замирбекке тапшырды. Оогандан кайтып келгенден кийин алган жаратынан каза болгон жоокерлердин сыйлыктары жубайларына жана баардык ооган согушунун ардагерлерине да белектер тапшырылды.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн