Окуучулар жана мугалимдер айлана-чөйрөнү тазалоо-жашылдандыруу иш планы боюнча Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде ишембилик өткөзүштү. Анда окуучулар айлана-чөйрөнү тазалап, бак-дарактарды актоо иштерин жасашты.
Жал айылындагы Мамырылиев гимназия орто мектебинин окуучулары 4-майда сабактан кийин ишембилик өткөзүштү. Ишембиликтин максаты — абаны тазартуу жана айлананы жышылдандыруу. Окуучулар ишембиликке катышып, мугалимдер болсо окуучуларды карап, эмгекке үйрөтүү боюнча кеп-кеңештерин айтып, өздөрү да кошо жардам берип жүрүштү.


Динара Султаналиева, мектеп директору:
— 9-а, б, в, г классынын эркек балдары мектептин алма багына суу келген арыкты тазалашты. Кыздары спорт залды тазалап, тегерегиндеги бактарды акташты. 8а, 10а, 10б, 11а, 11б классынын балдары мектеп багынын ичиндеги арыктарды ирээтке келтиришти. Кыздары бактарды акташты. 5а, б, в класстары мектептин эшигинин алдын шыпырып чөптөрдү тазалашты. 7-а класс мектеп клумбасынын ичин, 6-б, в классынын окуучулары айыл өкмөтүндөгү эстеликтин тегерегин, 8-б, в класстары мектептин астындагы каналдын ичин, 7-б, в, г мектептин ичин тазалап жыйнашты. Ишембиликке башталгыч 4-класстын окуучулары да катышты. Бардык класс жетекчилерге жана окуучуларга ыраазычылык билдирем.
Даярдаган: Азиза Бөрүбаева
Редактор: Дастан Жаркымбаев