Бүгүн 9- декабрда “Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлардын Бирлигин өкүлдөрү жамааттык медиалар” ассоциациясынын өкүлдөрү Ак-Талаа районунда болуп, кырдаалга байланыштуу жергиликтүү тургундар менен чакан чөйрөдө жолугушту.
Жолугушууга мугалимдер, жаштар, Аялдар Кеңешинин өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Райаким Сейтек Кулубаев өз ишмердүүлүгүндө жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу мезгил талабы экендигин айтып, жергиликтүү жамааттык ЖМКларды колдоого ала турганын билдирди.
Ассоциациянын аткаруучу директору Назира Джусупова жана башкаруу кеңешинин төрайымы Айзада Калканбекова учурда Кыргызстандагы жамааттык медиалар жана алардын орду, аткарган кызматы тууралуу кеңири маалымат берди.
«Биздин ассоциациянын курамында 23 жамааттык медиа бар. Булар мультимедиалык борборлор жана жамааттык радиолор. Ар бир жамааттык медианын сайты жана социалдык тармактарда баракчалары бар. Ар бир жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын негизги максаты-жергиликтүү маалыматтарды элге өз убагында так, туура жеткирүү. Ошондой эле алардын маселелерин чечүү үчүн ачнтча түзүү. Жамааттык медиалар жергиликтүү жамааттар менен иш алып барышат. Башкача айтканда ар бир жергиликтүү тургун медиа борбордо же радиодо өзүнүн маалыматтарын жайгаштыра алат. Коомдук башталышта иш алып баргандыктан ыктыярчылар иштешет», деди Нази Джусупова.
Жолугушууда “Тынчтык” бала бакчасынын директору Айнура Мундузбаева “Тун-Ук” жамааттык медиа борбордун ишинен кабардар экенин айтса, С.Жусупбаев атындагы орто мектебинин директору Мирбек Чырмыев мындан ары тыгыз кызматташтыкта иш алып барабыз деди.
Жолугушуунун соңунда, таза суу меселе болуп жаткандыгын жана айрым мекемелерде кызматкерлер мекеменин гезиттик топтому үчүн өкмөттүк гезиттерге өз чөнтөгүнөн каражат төлөнүп жатканы айтылды. “Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору бул тууралуу атайын материал даярдоо ишин баштайт.
Бул иш-чара Германиянын Дойче Велле Академиясы тарабынан колдоого алынган.
Алтынай Байтерекова