Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында Жамааттык ЖМКлардын өкүлдөрү айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууда Ача-Кайыңды эли жамааттык медианын түзүлүшү, максаты менен тааныша алышты.
Чогулушка айыл тургундары, айыл өкмөт кызматкерлери, мугалимдер, бала-бакча кызматкелери, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү жана окуучу-ыктыярчылар катышты.
Жамааттык медианын өкүлдөрү бирликтин жетишкендиктери жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришип, айыл тургундарынын ой-пикирлерин угушту. Алар менен «Ача-Кайыңды» мультимедиалык борборун кантип өнүктүрсө болот жана кандай жаңылыктарды күтүшкөндүгү тууралуу талкуу болду.
Эске салсак, Кыргызстанда жалпы 25 жамааттык мудьтимедиа борбору бар болсо, анын бири-Ача-Кайыңды жамааттык медиасы. Аталган медиа борбор 2019-жылы ачылып, ноябрь айында АОСМИге мүчө болуп кошулган жана иш чаранын жүрүшүндө бир жыл ичиндеги жетишкендиктери жөнүндө сөз болду.
Асель Уркунбаева