Жамааттык ЖМКлар Бирлиги аймактардагы мультимедиа борборлорунда буга чейин ыктыярчы болгон бутүрүүчүлөрдүн башын бириктирип, жаштар канатын түптөдү. Ага 19 ыктыярчы мүчө болду. Алар маалыматтык ыктыярчылык менен алектенишет.
Жаштар канатынын мүчөлөрү буга чейин Жамааттык ЖМКлар Бирлиги тарабынан журналистикага байланыштуу уюштурулган тренинг, семинар жана курстарда билим алышкан. Аталган окутуулар жаштардын кесип тандоосуна, коомдук иштерге активдүү катышууларына, жумуш менен камсыз болууларына алгылыктуу таасирин тийгизген.
Жамааттык Медианын жаштар канаты түзүлгөн соң, алар маалыматтык ытыярчылык кызматын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн тогуз адамдан турган кеңештин курамын тандап алышты. Кеңештин мүчөлүгүнө Кыргызстан боюнча ар бир облустан бирден өкүлчүлүк жана Бишкек шаары боюнча эки өкүл шайланды.
Кеңештин курамына:
Жайыл Русланов – Бишкек шаары
Асель Сыдыкова – Бишкек шаары
Анара Рахимова – Талас облусу
Айсулуу Эркинбекова — Жалал-Абад облусу
Айгерим Кубатбекова — Ысык -Көл облусу
Гульзада Бейшенбекова – Чүй облусу
Калида Кубанычбекова — Нарын облусу
Марлен Жамалов – Ош облусу
Шумкарбек Сабыр уулу – Баткен облусу
Аталган кеңештин мүчөлөрү кеңештин төрайымы катары — Асель Сыдыкованы шайлады.
Жамааттык медианын жаштар канатына долбоордун жобосу сунушталды.
Долбоордун максаты:
Долбоорду ишке ашырууга сынактын жыйынтыгы менен алты команда тандалат. Сынактан жеңип чыккан ар бир команда долбоорду ишке ашыруу үчүн 30 миң сом суммасында каражатка ээ болот.
ЖОЖдордо «Жамааттык Медиа» окуу курсу окутулат
Окуучулар чет өлкөлүк ыктыярчылардан тил үйрөнүүгө кызыгат
Бизди Youtube аркылуу да көрө аласыз.