Сокулук районуна караштуу Жаны-Жер айылындагы Жаны-Жер орто мектеп-комплексинде окуучулар кайрадан аралыктан окуу режимине өтүштү. Буга себеп 3-апрель күнү мектепте 8-класстагы окуучу кыздын энеси COVID-19 илдетин жуктургандыгы аныкталган. Айылда оорунун күч алып кетүү коркунучунун алдын алуу үчүн мектеп эки жумалык карантинге жабылды.
Жаңы-Жер орто мектеп-комплекси
Жаңы-Жер орто мектеп-комплексинде 2000ге жакын окуучу окуйт. Өткөн жылы 16-мартта карантинге тарагандан бери окуучулар быйылкы жылы 11-январда салттуу түрдө билим ала башташкан.
Жаңы-Жер орто мектеп-комплексинин директору Меделкан Шеримбеков
“Мектепте санитардык талаптар так аткарылып окуучулар жана мугалимдер маскасыз жүрүүчү эмес. Бизге маалыматты райондон телефон аркылуу билдиришти. Учурда үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышта болгон жана мектептеги сабак берген мугалим окуучулардын тизмеси такталып COVID-19 га карата анализ алуу пландалууда”,- деп билдирди мектеп директору Меделкан Шеримбеков.
Учурда класстагы окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан 8-класстын класс жетекчиси Кайыргүл Нурланбек кызы
Ал эми 8-класстын класс жетекчиси Кайыргүл Нурланбек кызы менен телефон аркылуу байланышканда төмөнкүчө жооп берди:
«Мен COVID-19 илдетин жуктуруп алган адамдын кызы менин классымда окуйт. Классымдагы окуучулардан ооруган же дене табы көтөрүлгөндөрүн байкаган жокмун. Мен өзүм дагы жакшы элемин. Бирок ошого карабай өзүмдү- өзүм башка адамдардан оолак болууну чечтим. Оорунун жайылып кетүү коркунучу бар болгондуктан окуучуларга дагы айтып түшүндүруп жатам. Мен үчүн айылдаштарымдын ден-соолугу маанилүү».
Сасык тумоодон жаш балдарды коргойлу
Бегимай Кубанычбек кызы