Арстанбап айыл аймагында сел кесепетинен улам бир канча үйлөр, көчөлөр катуу жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калыбына келтирүүдө.
2020-жылдын 16-22-26-июль жана 5-август күндөрү, Арстанбап аймагында болуп өткөн сел кырсыктарынан улам аймакттык деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Өзгөчө кырдаалды жоюу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен күч каражаттарын тартуу менен 2020-жылдагы “Атайын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу” иш-чараларынын кошумча планынын негизинде иштер алып барылган.
Арстанбап айыл аймагындагы селден келтирлген зыян болжол менен 2 миллион 220 миң сомду түзгөндүгү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан аныкталган.
Тынымсыз аракеттердин натыйжасында жолдор, таш-шагылга толуп калган короо жайлар, үйлөр, суу нугу тазаланып, жараксыз абалга келген үйлөр, чарбалык жайлар калыбына келтирилүүдө. Жарыкаган жарандарыбызга да ар тараптуу колдоо көрсөтүлдү.
Сүрөттөрдө кырсык жүз берген аймактагы бүгүнкү абал.
Аймээрим Саитжанова