Инсан болуу бул өзү чоң бакыт. Ал эми инсандардын бири-бирине жылуу сөздөрдү арнап, белек берип бакыт тартуулоосу чексиз кубаныч. Ар бир инсанга бакыт жана кубаныч тартуулоо максатында Сокулук районуна караштуу Новое айылындагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде «Балдардан балдарга жардам» аттуу кайрымдуулук акциясы болуп өттү.
Акциянын катышуучулары
Акциянын максаты, мамлекеттеги кырдаалга байланыштуу окуучулар арасында турмуш шарты оор жашаган окуучуларга көмөк көрсөтүү.

Маска тапшыруу учуру
Өткөрүү боюнча Сокулук районунун Билим берүү бөлүмүнөн келген жарлыкты аткаруу максатында Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин директору Гүлазар Муонбаеванын жетекчилик алдында, ийрим жетекчиси, кол эмгек мугалимдери менен биргеликте окуучулар колго бет кап тигишти.
«Жакшылык кылууга ашыгышкан мугалимдер жамааты, класс жетекчилер жана окуучулар өз салымдарын кошуп, акцияга активдүү катышышты. Буга чейин окуучулардын социалдык контингенти такталып, маалымат берилген. Мына ушу маалымат мектеп боюнча, класстар арасындагы категориядагы окуучуларга аз да болсо көңүл жубатарлык жардам көрсөтүлдү»,- дейт мектеп директору Гүлазар Муюнбаева.
Кайрымдуулук акциясына окуучулар, мугалимдер катышышып 80 даана бет кап, антисептик 30 даана, дептер 150 даана, калем сап 50 даана, сызгыч 20 даана, альбом 20 даана, пластилин 10 даана, түстүү карандаш 10 даана, жөнөкөй карандаш 30 даана, жумшак оюнчук 20 даана, машина оюнчук 20 даана, куурчак 8 даана, пазл 9 даана, макарон 2 кг, печенье 1 кг, суу май 15 л таратылып, иш чара ийгиликтүү аяктады.
Акцияга активдүү катышкан 7-классынын окуучусу Абдимаматова Айчолпон өз сөзүндө: «Жакшылык кылуу улуу иш, биздин мектепте өткөн” Балдарга балдардан жардам” атуу кайрымдуулук акциясын өткөрдүк. Акцияга өз колубуз менен бет кап тиктик. Кездеме жана марлини алып келип эмгек сабагында жана ийрим убагында. Биз абдан кубанычтабыз колубуздан келген бир аз жардам болсо да аткарып, өз салымыбыздын кошконубуз үчүн»,-деди.

Абдимаматова Айчолпон, Диана Амангелдиева