Чүй облусунун Сокулук районундагы №1 мектепте балдардын ɵзүн-ɵзү ɵнүктүрүүгɵ багытталган семинар болуп ɵттү. Анда окуучулардын колунан жаралган буюмдар кɵргɵзмɵгɵ коюлуп, мугалимдер тарабынан мастер класстар кɵргɵзүлдү.
Иш-чаранын башкы максаты балдарды ɵнүктүрүүгɵ багытталган. Мында окуучулардын «Войлок», «Оюунчуктардын дүйнɵсү», «Кутуча», «Мозаика» аталышындагы ийримдердин кол ɵнɵрчүлɵрү тарабынан жасалган буюмдар коюлган.
Аталаган мектептин директору Ырыс Жуманазарова «Ар бир окуучу жасаган жумушунан ырахат алса»,- дейт.
Мугалимдер жааматы менен биргеликте ар кандай ийримдерди ишке киргиздип, колубуздан келишинче заманбап технологиялар менен камсыздадык. Окуучулар кызыгуу менен катышып, мектептер аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлеп келе жатабыз. Башкы максат балдар жасаган жумушунан ырахат алышса, инсан катары ɵсүп-ɵнүгүүгɵ түрткү болот деп ишенебиз. Бул буюмдардын ар бирин чын дилден берилүү менен жасашкандыктан улам ушундай кооз болуп жаралган деп ойлойм.
Иш-чара окуучулар тарабынан даярдалган оюн-зоок программа менен коштолуп, келген конокторго колунан жаралган буюмдарын белекке тартуулашты.
Белгилей кетсек, жыйында мындан сырткары окуучулардын билим дегээли, сырткы миграциянын окуучуларга тийгизип жаткан таасири талкууланды. Ага Сокулук районундагы мектептерден мугалимдер катышты.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова