Кара-Суу айылынын жаш тургуну, мектептин 10-классынын окуучусу Ырыскелди Ишенбек уулу эки жылдан бери ыр жазып, комуз менен ырдап келет.
Жаш акынды кепке тартып, өзүнө жаккан чыгармасын аткарып берүүсүн өтүндүк.

“Тил-Мурас”
Манастан калган маанилүү
Айтайын кыргыз тилимди
Залкарлардын баарынан
Атагы көккө билинди
А бирок азыр жаштарга
Ар кайсы тилдер илинди
Пайдасын көрбөй сүйлөсө
Араңдап кармайм жинимди
Эне тилде сүйлө деп
Ээрчитем далай инимди
Башка тилди үйрөн деп
Кыйнап жатат кимиңди
Нечен тилди билсең да
“Не забудь” эне тилиңди!
Ошол сен үйрөнгөн тилиңди
Ардактаган эли бар
Сан кылымда жоготкон.
Азыркынын заманы
Акча менен жамады
Акчасы бар адамдар
Алсыздарды камады
Уялбай туруп жегендин
Таттуу экен тамагы
Билинбей калды таптакыр
Адамбы же арамбы
Баткака башты матырды
Батыштын сасык арагы
Карапайым калкымдын
Калбай калды амалы
Эчкимге элим ишенбей
Бир кудайды карады
Баарына башы ооруган
Балаңдын чыкты жамагы.

Жак акынга ийгиликтерди каалайбыз!
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Тренер: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн