Тогуз -Торо районундагы «Күнчубак» балдар бакчасында жогорку топтун даярдоо классынын коштошуу кечеси болду.

Кечеде атайын даярдалган концерттик программанын жүрүшүндө балдар кыздардын аткаруусундагы бийлери, спорттук оюндар, жомоктордон сахналаштырып, ата-энелерге көрсөтүштү.

Жогорку топтун бүтүрүүчүсү Аделина Бейшеналиева кубанычын төмөндөгүчө айтып өттү:
“Бүгүн аябай сүйүнүп жатам. Эжекелердин колунан виньетка алганыма. Мунун ичинде баарыбыздын сүрөтүбүз бар экен”.

Ата-энелердин атынан Назгүл Атамкулова балдарды куттуктап, тарбиячыларга ыраазычылыгын билдирди.
Жыйынтыгында бакчанын директору Гүлмира Далиева бүтүрүүчүлөрүнө куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Жогорку топто жалпы 30 бала тарбияланды. Бул тууралуу жогорку топтун тарбиячысы Ноорузгүл Токтобекова билдирди.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева