10-11-сентябрда Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде жаш кабарчылар үчүн медиа-тренинг өтүлдү. kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова аудио жаңылыктарды даярдоо боюнча мастер-класс өтүп берди.

Медина Турдубекова «Кара-Тоо» мультимедиалык борборунун кабарчысы
Кочкор районундагы Кара-Тоо жамааттык мультимедиалык борборунун кабарчысы Медина Турдубекова тренинг тууралуу буларды айтып берди:
«Буга чейинки өтүлгөн тренингдерде сүрөттү туура тартуу, интервью алууну, сүрөттү туура тартууну үйрөнгөн болсок, бүгүнкү тренингде аудио материалдарды монтаждоону жана сайтка туура жайгаштырууну үйрөндүм. Мындан тышкары башка медиадагы кабарчылар менен таанышып, пикир алмаштым. Тренинг мага жакшы таасир калтырды. Келечекте журналист болуу кыялым бар.»

Бакыт Кожокматов
Шапак жамааттык мультимедиалык борборунун жетекчиси Бакыт Кожокматов:
«Жаш кабарчылар дайыма тренингдерге катышып, журналистика багытында жаңы көндүмдөргө ээ болуп турушат. Бул окутууга Шапак, Кочкор жана Кара-Тоо мультимедиа борборлорунун жетекчилери жана кабарчылары катышты. «Кыргызмедиа» сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова аудио материалдарды даярдоону үйрөтүп, аларга кесип тандоого багыт берди».

Кабарчылар аудио материалды даярдоону үйрөнүшүүдө

«Кыргызмедиа» сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова

Тренингге «Шапак», «Кара-Тоо», «Кочкор» медиаборборлорунун кабарчылары катышышты

Тренинг жаш кабарчылар үчүн пайдалуу болду
Илимбек Рысбеков