2022-жылдын 2-март күнү Кочкор районундагы мектептердин жогорку класстарынын 150 окуучусу Балыкчы шаарындагы 20-636 аскер бөлүгүнүн ачык эшик күнүнө катышып келишти.
Ачык эшик иш чаранын максаттары жана бүгүнкү өткөрүлүүчү иш пландары менен Аскер бөлүктүн командиринин өздүк курамынын иштөө боюнча орун басары подполковник Марат Исаков баяндап берди:
«Бүгүн 2-март күнү биздин 8-гвардиялык мото аткычтар дивизиясынын 20-636 аскер бөлүгү Кочкор районунун 150 окуучусуна жана Балыкчы шаарынын 150 окуучусуна Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүндө ачык эшик күнүн өткөрүүдөбүз. Биздин жаш муундарга патриоттуулукка тарбиялоо жана мекенчилдикке үйрөтүү максатында жыл сайын ачык эшик күнүн өткөрүп жүрөбүз.
Эң негизгиси бул биздин келечек муундарга аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлердин жашоо турмушу, күн тартиби менен тааныштырып өттүк. Андан тышкары экскурсия учурунда балдарга аскердик техникалардын, курал-жарактардын, байланыш каражаттардын түрлөрү көргөзүлүп, техникалык тактика мүнөздөмөлөрү жана ошондой эле медициналык тез жардам боюнча инженердик даярдоо сабактар өткөрүлдү.
Биз жылына ушундай иш-чараларды өткөрөбүз, себеби жаш муун Ата-Мекенди кантип коргоону жана өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту болууга умтулууну билиш керек», — деп сөзүн аяктады.
Азиза Максатбек кызы