Талас районунун тургуну Куттубек кызы Айжылдыз «Jibi friends» жайкы лагердин катышуучуларын жаа атканды үйрөттү. Айжылдыз жаш болсо да көптөгөн жаа атуу боюнча мелдештердин жеӊүүчүсү.
Куттубек кызы Айжылдыз 14 жашта. Ал үч жылдан бери жаа атуу менен машыгат. Жаа атууга ага атасы, белгилүү саяпкар, мүнүшкөр, жаачы, мергенчи Куттубек Өзүбеков түрткү берген.
Жаш жаачы бир жылдан ашуун убакытта жаа атканды үйрөнүп, мелдештерге катыша баштаган. Алгачкы жолу Талас облусун 70 жылдыгына карата уюштурулган мелдеште чоӊдор арасында өз күчүнүн сынап көргөн.
«Бардык адамдарда толкундануу сезими болот дегендей, башкалардай эле мен дагы алгачкы жолу эл алдына чыкканда толкундангам», — дейт Айжалдыз.
Айжылдыз 1 жаа жана 15 жебенин ээси. Жаа текенин мүйүзүнөн, жебе кайыңдан сырдалып жасалган, жебеге бүркүттүн канаты жана учуна коргошун бекитилген. Жааны атасы өз колу менен жасап берген.
«Бүгүнкү күндө үч кубок, ондон ашуун медаль жана мактоо баракчаларына ээ болдум. Менин эӊ биринчи кеӊешчим — бул атам. Ал мага өзүнүн билген билимин үйрөтүүгө чоӊ салым кошуп келе жатат», — дейт Айжылдыз.
Келечекте Айжылдыз Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткан белгилүү жаачы болуп, өз мамлекетине чоӊ салымын кошкусу келет.
Даярдагандар: Кубатбекова Сырга, Молдобеков Мырзабает, Абасканова Айчолпон