Пандемия учурунда көпчүлүк жаштар карап турбастан колдон келген жардамын көрсөтүштү. Алар бош убактыларын текке кетирбестен, илдетти жеңүүгө салымын кошуп келишти. Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын «Кара-Суу» жаштар уюмунун төрагасы Кубанычбек Кадыров пандемия учурунда айыл жаштары кандай пайдалуу иштер менен алек болушту жана бош убактыларын кандай өткөргөндүгү тууралуу төмөнкү маалыматтарды берди.
«Кара-Суу» жаштар уюмунун төрагасы Кубанычбек Кадыров: «Айыл жаштары жардам берүүгө дайым даяр»
«Кара-Суу» жаштар уюмунун түзүлгөнүнө 6 жыл болду. Бул уюмду жетектегениме 3 жыл болду. Айыл жаштары менен иш алып барабыз. Биздин негизги максатыбыз айылдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү болуп эсептелет. Пандемия учурунда жаштар айыл элине жакындан жардам көрсөтүштү. Мисалга алсак, жалпы айыл эли чогулткан каражатка алынган дем алдыруучу аппаратты, дары-дармектерди жеткирүүдө, 15 орундуу күндүзгү стационарды ачууда ошондой эле уюштуруу иштерин жүргүзүүдө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Жаштар арасында ыктыярчылар тобу түзүлүп алар дарыгерлерге, айыл өкмөт кызматкерлерине жардам көрсөтүштү. Андан сырткары айыл жаштары дайыма спорт оюндарын уюштуруп турушат. Алсак футбол, волейбол, ордо, көк бөрү оюндары өтүп турат. Бул айыл жаштарын спортко кызыктыруу менен бирге ынтымакка чакырат. Жаштар уюмунун алдыга койгон максаттары да көп».
Мындан сырткары пандемия учурунда студенттер эмне менен алек болгондугу тууралуу кайрылып көрдүк.
Канымжан: «Пандемияда келечекке план түзүүгө убактым көп болду»
«Менин атым Канымжан. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Туризм» факультетинин 3-курсунда окуйм. Пандемия жаңы башталганда бардык студенттердей эле айылга ата-энемдикине бардым. 3 ай онлайн окугандан кийин, шаарга келип кафеден иштедим. Бул жерден акча топтоп өзүмө керектүү кийим-кече, окуу куралдарын алдым. Андан тышкары ата-энеме да акча жагынан жардам бердим. Келечекте туризм тармагында иштеп, Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтсөм деген кыялым бар».
Бакыт Кожокматов