Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинин 2000-жылдын бүтүрүүчүсү Каныбек Кылычов 23-октябрь күнү мектепке жана бала бакчага чакан эмеректерди алып келип тапшырды. Белекти тапшыруу аземине айыл өкмөт, мектеп кызматкерлери, бала бакчанын кызматкерлери жана Каныбек Кылычовдун классташтары катышып, ыраазычылыгын билдиришти.
Каныбек Кылычов мындан 21 жыл мурун ушул мектептин аяктаган. Азыркы учурда жеке ишкерлик менен алектенет:
«Мен окууну бүтүп, жеке ишкерлик менен алектене баштаганда, өзүм окуган мектеп үчүн жакшы иш кылууну максат кылып койдум эле. Эми минтип билим уяма келип, колдоо көргөзүп отурам. Келечек билимге байланыштуу эмеспи, ал эми билим алган жер баарына ыңгайлуу болуш керек деп эсептейм. Бул максатымды, идеямды классташтарым да колдошту. Аларга да рахматымды айтам. Мектептин, бала бакчанын ишине ийгиликтерди каалайм.»
Мектеп директору Касымбек Мамбеталиев өз ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:
«Бүгүн мектепте жакшы саамалык болуп олтурат. Мектептин бүтүрүүчүсү Каныбек Кылычов мектеп директорунун кабинетине деп атайын директор үчүн жана компьютер койгонго стол, заманбап кийим илгич күзгүсү менен алып келип тартуулады. Каныбек Кылычов буга чейин бала бакча жаңы ачылып жаткан мезгилде да балдар үчүн уктоочу атайын эки кабаттуу керебеттерди да алып келип тапшырып кеткен. Каныбекке чоң рахмат, мектеп жамаатынын атынан ыраазычылыгыбызды билдирем.»
Ал эми бала бакчага балдар ойноочу бөлмөгө китептерди, оюнчуктарды жыйноого ылайыкташтырылган шкафтарды алып келгенин билдирди, бала бакчанын кызматкери Бермет Исмаилова.
Айпери Марлес кызы