Арстанбап айылында спорт залдын ачылышы болду. Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүндө өзгөрүүлөр болду. Анткени жаңы мектептердин жана бала бакчалардын курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Ошондой эле өлкөбүздө болуп жаткан өзгөчө кырдаалга, өткөөл мезгилге карабай Арстанбап айыл аймагынын тургуну жеке ишкер Досматов Кубатбек Кош-Терек негизги мектебине 10 000 000( он миллион ) сом болгон жаңы спорт зал куруп берди.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев 2020-жылдын 6-октябрь күнү ачылышына катышты.
Сопубек Сариев: «Бул спортзал Арстанбап айыл өкмөтүнө караштуу, Кош-Терек айылындагы мектебинде, демөөрчүнүн жардамы менен спорт зал курулуду. Жалпы суммасы 10 миллин сом болду. Демөөрчүсү Арстанбап айылынын тургуну, жеке ишкер Кубатбек Досматов. Ошондой эле кызматы менен элдер да өз салымын кошушту. Биз ачылышына катышып келдик жана райондук мамлекеттик администрациясынын ардак баракчаларын жана өзүбүздүн ардак баракчаларыбызды тапшырдык. Мындан сырткары өзүбүз спорт залга белектерибизди да бердик. Буйруса алардын максатары көп экен. Сөзсүз аткарылат деп ишенемин.»
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Муратбек Бурканов да өз пикирин билдирди:
«Кош-Терек айылындагы негизги мектеби спорттук залга муктаж болгон. Арстанбап айылынын жеке ишкери Кубатбек Досматов тарабынан бул спорттук зал курулду.
Биз баарына ыраазычылык билдиребиз. Кубатбек агабызга да ыраазымын анткени, жеке ишкер өзү өскөн айылына чоң жардам кылып, спорт залдын каржысын өзү колго алды. Ал эми айыл эли спорттук залды ашар жолу менен курушту. Буюрса, Арстанбап айылынан көптөгөн спортсмендер чыгат.»
Спорт залдын ачылуу мезгилинде спорт залдын курулушуна салым кошкон инсандарга Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы жана Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ардак грамоталар тапшырылды.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүндө азыркы учурда абал тынч жана туруктуу. Районубуздагы бардык мектептерде балдарды аралыктан окутуу үзгүлтүксүз улантылып, тарбия иштери ата-энелер менен биргеликте жүрүп жатат.
«Бир адамдан-бир китеп» долбоору Ооган-Талаада
Тимурлан Мелисбеков, Камбарали кызы Гүлназ