Дүйнөнүн 67 тилине которулган дүйнөгө белгилүү Хан Академиясынын сабактары кыргыз тилине которулуп баштады. Учурда сабактардын он бири даяр болуп элге акысыз сунушталды. Бул тууралуу Хан Академия Кыргыз долбоорунун расмий өкүлү Гулзире Минбаева kyrgyzmedia.kgге маек курду.

— Хан Академиясынын сабактарын кыргыз тилине которуу демилгеси кантип пайда болду?
— Хан Академиясынын сабактары дүйнөнүн 67 тилине которулуп жатат. Бул аябай көп. Анын ичинде кыргыз тили дагы бар. Биз бул академиянын сабактарын кыргыз тилине которуп жатканбызызга жарым жыл болду. 2019-жылы февраль айында өкүлчүлүгүн алгам. 2018-жылы Америкага мамлекеттик департаменттин программасы аркылуу барып, Mozilla Firefox компаниясында тажрыйбадан өткөм. Ошондо Хан Академиясын да зыярат кылып келейин деп баргам. Ошол учурда Хан Академиясынын сабактары дүйнөнүн 44 тилине которулуп жаткан экен бирок, кыргыз тилинде жок эле. Жолугушууда кыргыз тилине которуу тууралуу сунушумду айтып, жоопкерчиликти өзүмө алаарымды билдиргем. Алардын макулдугун алган соң, академиянын бүт ресурстарын расмий түрдө колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
— Хан Академиясынын сабактарын кыргызчалоого эмне түрткү болду?
— Өзүм кесибим боюнча математика сабагынан мугалиммин. 9 жылдык стажым бар. Мен түрк лицейлеринде сегиз жыл иштедим. Жогорку класстын окуучуларына математика сабагын англис тилинде өтүлгөндүгү үчүн аталган академиянын ресурстарын колдончумун. Анткени, бул академиянын сабактары аябай жеңил, жөнөкөй жана биздин салттык математикадан кыйла айырмаланат. Мугалим болуп жүргөндө эле, бул сабактар кыргызчага которулса экен деп кыялданчумун. Анткени, 2016 — жылы лицейдин эле башталгыч класстарына математика сабагын кыргыз тилинде сабак өтүүгө туура келип, кыргыз тилинде түрдүү суроолорду табуу кыйын болду. Кыргыз класстар үчүн Бекбоевдин китебин колдонгонбуз. Бул китептен сырткары балага кошумча кыргызча маалымат таппай калдым. Окуучунун бир китеп менен чектелип калуусу туура эмес деп ойлойм. Анткени, бир теманы түшүнүү үчүн 10 суроо жетишсиз.
— Жарым жыл ичинде 11 видео сабакты даярдаган экенсиздер…
— 2019- жылдын февралынан тарта 2020-жылдын май айына чейин академиянын системасын окуп, изилдеп чыктым. Анткени, бул оңой эмес. Бул бир гана видео сабак эмес. Анда, алардын плафтормасы дагы, веб сайты дагы бар. Ошол веб сайты толук кыргыз тилинде иштеши үчүн көп жумуш керек. Ушул жылдын май айынан тарта команда түзүп, алар менен толук иштеп жатабыз. Майдан бери 11 видео сабак кыргыз тилинде жарыкка чыкты. Бул көп убакыт деп айтсак болот. Бирок, биз бардык ишти нөлдөн курадык. Хан Академия өзү коммерциялык эмес уюм болгондуктан, ресурсттарды колдонууга уруксат берилет, жол жобосу көрсөтүлөт, бирок каржылоо болбойт. Хан Академиянын өзүн деле Google компаниясы каржылайт. Андан сырткары, алардын эң чоң демөөрчүсү Билл Гейтс. Биз дагы демөөрчүлөрдү табуу, команданы чогултуу деген иштер менен алек болуп жатып бүгүнкү күнгө чейин 11 видео сабакты даярдадык. Бул оңойго турган жок. Эми бир, эки айдын ичинде 100 видео чыгарабыз деп өзүбүзгө максат койдук. Ошондой эле 30 күн ичинде биздин сайтыбыз демо варианты да даяр болот.

— Ыктыярчылардан түзүлгөн команданын курамында кимдер бар?
— Команданын курамына котормочу, методист, видео жаратуучулар, ыктыярчылары жана котормочулардын координаторлору жана смм адистери кирет. Алар жарым жылдан бери ыктыярчы катары кызмат кылып келет. Кыргыз эли, тили үчүн күйгөн, билим алуу кыргыз тилинде болсо экен деген мыкты улан — кыздар бар. Жасаган иштерибиз сапаттуу болуусу үчүн бир канча баскычтан өтөт. Мисалы, котормочу которгон соң аны редактирлөө үчүн башка бир методист алганбыз. Ал математика, англис тили жана кыргыз тилин жакшы деңгээлде билиши керек. Бирок, бизге мындай кадрды табуу кыйын болду. Чындыгында, күчтүү математик адистер бар. Бирок, англис тилин билбейт. Англис тилин билет, бирок кыргызча жакшы билбеген көйгөйлөр жаралды. Акыры кыргыз, англис тилдерин билген эки методист алдык. Үн коштогондор, видео жаратуучулар да кызуу иштеп жаткан чагы. Максатыбыз 10 миң видео сабак жана 150 миң көнүгүүнү кыргызчалаштырып окуучулар, мугалимдер жана ата энелер үчүн сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп берүү.
— 1-октябрь күнү ачылышын кылып, коомго жарыялаган экенсиздер. Сабактарды көрүп, катталгандар болуп жатабы?
— 11 видео сабактын ачылышын 1-октябрь күнү өткөрдүк. Коом биринчи күндөн тарта эле жакшы кабыл алды. Мугалимдерге видео сабактарды колдонсоңуздар болот деп жөнөттүк. Негизи, бул сабактарды колдонобуз же колдонбойбуз деген суроо болбошу керек деп ойлойм. Анткени, Хан Академиянын сабактары дүйнөдө биринчи орунда турган ачык ресурс.
— Видео сабактар акысыз болобу?
— Кыргызчаланып жаткан видео сабактар акысыз болот. Ошондуктан, биз демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Аябай көп колдоочуларыбыз болуп жатат. Кээ бири бир видеону колдосо, кээ бири он видео сабакты колдоп берип жатышат. Негизи демөөрчүлөр үчүн биз челлендж уюштурганбыз. Көпчүлүгү кубануу менен кабыл алып, демөөрчүлүк кылып жатышат. Өзгөчө чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар аябай жакшы колдоп жатышат.
— Пандемиядан кийин билим берүү тармагы кандай багыт алышы керек деп ойлойсуз?
— Заман талабы башкача. Биздин Кыргызстанда система башкача болуп жатат. Замандын талабына жооп берүү үчүн мугалимдердин санарип сабаттуулугу жогору болуш керек. Анткени, балким жыйырма жылдан кийин мугалим деген кесип калбай, онлайн окуу болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, мугалимдер өздөрүнүн санарип сабаттуулугун жогорулатып, заман талабына жараша аракет кылуусу керек. Изденүү көбүрөөк болуш керек. Окуучулар пандемиядан улам көбүрөөк бош калып жатышат. Алар убакытты туура колдонгонду үйрөнүшү керек. Кыргызстандын окуучулары өз алдынча изденип окуганды жакшы билбей жатышат. Керектүү маалыматтарды кайсы булактардан алуу керектигин билбейт. Ал эми биздин платформанын артыкчылыгы дагы дал ушуга багытталган. Системага катталып, тест тапшырган соң, платформа окуучунун деңгээлин өзү аныктайт. Ар бир теманы деңгээлден деңгээлге өтүп жатып, мастер кылып бүтүрөт. Үйрөнүп жаткан адам бир тема боюнча мастер болмоюнча суроонун түрлөрү чыга берет. Балдар сабактан сырткары мугалимсиз деле ачык ресурстарды колдонуп, өз билимин өркүндөтсө болот.
-Хан Академиянын 10 миң видеосу бар экен. Сан жана сапат жагынан максатыңыздар кандай?
— 2 жыл ичинде 10 миң видеону которуп чыгарууну пландап жатабыз. Бул албетте оңой иш эмес. 11 видео сабак үчүн биз канча чуркадык. Бирок, азыр командабыз түптөлүп бир нукка түштү. Бир айда болбосо да бир жарым айдын ичинде 100 видео сабак жана демо сайтыбызды ишке киргизүүгө аракет кылабыз. Азыр талап абдан чоң. Канчалык аудиторияга бат берсек, ошончолук жакшы болот. Бизди таанып, колдогондордон суранып кетет элек Ютуб каналыбызда сабактар жарыяланып турат мугалимдер менен бөлүшүп койсоңуздар, өзгөчө региондорго жеткизүү керек. Биздин эч кандай кирешебиз жок. Биз жасаган контент коомго акысыз жарыяланат.
Окуучулар чет өлкөлүк ыктыярчылардан тил үйрөнүүгө кызыгат
Касиет Кубанычбек кызы