Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Ооган- Талаа айылына «Бир адамдан-бир китеп» аттуу долбоор боюнча китеп топтоо башталды. Долбоордун катышуучулары, жаштар, окуучулар активдүү иштеп жатышат.

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова:

«Бир адамдан-бир китеп» аттуу акциянын башталышы айыл эли үчүн, окуучулар үчүн да эң жакшы жаңылык. Анткени, акция аркылуу айылдан көп китеп топтолуп, айылдык китепкананын китептерине жаңы китептер кошулат. Айылдын жаштары бул демилгени колго алып, өткөрүп жатканын көрүп, мен дагы үй-бүлөлүк китепканабыздан жети китеп бердим. Берген китептерим кызыктуу, жаштарга, окурмандарга жаңы ойлорду, жаңы ачылыштарды алып келет деп ишенемин.»

Бул долбоордун активисти Сыймык Алиев менен «Бир адамдан-бир китеп» долбоору тууралуу маектештик:
«Негизинен бул долбоорду жакшы кабыл кылышты. Китеп берем деген адамдар аз эмес. Буюрса, дагы беребиз деп айткандар көп. Акчалай да берип жаткандар бар. 10000 сомдой акча топтолду. Ал эми китептин саны 200. Ооган-Талаа айылына келгенине бир жарым ай болуп калды.

Мен өзүм да китеп окуйм. Жаштарды көп китеп окушка үгүттөйм. Анткени жаштардын арасында китеп окугандар азыраак. Көбүнчө улуу инсандар активдүү болушту. Окуучулардын да бул долбоорго кошкон чоң салымын унутпайбыз.»- деди Сыймык Алиев.
Кыргыз тили жана адабият мугалими Турдукан Момкеева:
-Мен Момкеева Турдукан. Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде кыргыз тили жана адабият мугалими болуп иштейм.
-«Бир адамдан-бир китеп» аттуу долбоор түзүлүптүр, сиз ошол долбоорго канча китеп бердиңиз?
-Ооба ошондой долбоор башталганын угуп, аябай кубанычтамын, анткени айыл жаштары мектеп китебинен да сырткары, башка китептерди да окушка мүмкүнчүлүк алат. Мен жалпысынан 14 китеп тапшырдым.
-Сиз китеп окуганга кызыгасызбы?
-Ооба. Бул менин хоббим деп айталам. Мен адабий китептерге кызыгамын, анткени алар мен үчүн кызыктуу.
-Айыл жаштары китепке кызыгышабы?
-Ооба бирок кызыккандардын саны азыраак. Телефондун айынан китеп окулбай калды. Ушул долбоор түзүлгөнүнө аябай сүйүнүп жатам, анткени балдар өз кызыккан китебин издеп таппай жүрүшсө, ушул топтолгон китептердин ичинен алар өз кызыккан китебин таап окуп, китепке да кызыгуулары болуп калат деп ойлойм.
-Интервьюңузга чоң рахмат. Сак саламатта болуңуз.


Арстанбап айылынын жаштары Супер Мейкатонго катышты
Тахмина Сүёркулова, Имамбекова Гүлнүр, Тимурлан Мелисбеков