Акчаны туура колдонуу — жашоодогу маанилүү жөндөмдөрдүн бири. Каржылык жактан сабаттуу адамдар кирешени кандайча көбөйтүү, насыясыз кантип жашоону билишет. Экономикалык сабаттуулуктун биринчи кадамы — жеке каржы планы. Аны кантип түзүү керек? Алдыда сиз үчүн нускама.

Жеке каржы планын кантип түзүү керек?
1. Кыялдарды кантип максатка айлантса болот?
Жакшылап пландалган максат — ийгиликтин жарымы. «Мага көбүрөөк акча керек» деген абстрактуу ойдун ордуна: «мен 10 жылдын ичинде айына 100 миң сомдон пассивдүү киреше алгым келет» деген ой конкреттүү. Ойду мындай формага айлантуу — түшүнүктүү жана аны эсептөөгө болот. Ошондой эле, ал үчүн финансылык инструменттерди тандаса болот.
Сиздин каржылык максаттарыңыз бир канча болушу мүмкүн. Ар бири үчүн төмөнкүлөрдү баалоо керек:
Убакыт — максатыңызга качан жетүүнү пландайсыз. Бул белгилүү бир күн болушу мүмкүн (унааны 2 жылдан кийин сатып алуу) же узак мезгил (ипотека төлөмдөрү).
Акча — канча акча керек экендигин аныктаңыз. Эгер сиз конкреттүү бир нерсе сатып алууну пландаштырсаңыз, базардагы баалардын өсүүсүн байкаңыз. Эгер максатыңыз узак убакытка пландалган болсо, — айына максаттуу кирешени аныктаңыз.
Чоң максаттарды кичине максаттарга бөлүңүз: ай сайын канча каражат сарпташыңыз керектигин эсептеп чыгыңыз.
Мисалы, сиздин каржылык максатыңыз — белгилүү бир үлгүдөгү унааны 2 жылдын ичинде сатып алуу. Азыр анын баасы 600 миң сомду түзөт. Унаа базарындагы баалардын өсүшү болжол менен 10% түзөт. Ошентип, 2 жылдан кийин, сатып алуу үчүн 726 миң сом керек болот. Бул сумманы 24 айга бөлүңүз (чоң максатка жетүү үчүн убакыт). Мында, биз айына 30 250 сомдон чогултуубуз керек болот. Эми, сиз бул каражатты ай сайын чогулта аласызбы? Өзүңүзгө жооп бериңиз. Балким, максатка жетүү үчүн кошумча киреше булагын табуу, чыгымдарды кыскартуу же аны жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн кайра карап чыгуу талап кылынышы мүмкүн.
Пассив жана актив
Унааны сатып алуу — пассив экендигин унутпаңыз. Тиричилик техникасы, жаңы iPhone, сиз жашаган батир да пассив болуп саналат. Алар киреше алып келбейт, тескерисинче, техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды талап кылышат. Ойлоп көрсөңүз, балким, пассивдердин ордуна активдерди сатып алуу керек: баалуу кагаздар, ижарага берүүчү батир алуу, банктык аманатка инвестициялоо — алар иштеп, пайда келтириши толук ыктымал.
Адатта, финансылык максаттарды белгилүү өлчөмдө түзүп, анын канчалык ишке аша тургандыгын баалоо керек. Максаттарды баалоо, сандарга таянуу жана кыска мөөнөттүү “каалайм же керек” деген сезимдерге жол бербөө – бул чоңдордун акчага карата туура позициясы.
Эгерде сиз бул максатка жетүү мүмкүн экендигин чындап түшүнүп, сезип жатсаңыз жана ал сиздин чындап каалап жаткан максатыңыз болсо, бул сизге күч жана дем берет. Мындан кийин, сиздин негизги кыялыңызды башка майда-чүйдө нерсеге алмаштырбоого оңой болот.
Максат, убакыт жана акча тууралуу бул макаларды да окуй аласыз:
2. Кантип кирешелерди эсептесе болот?
Жалпы киреше үч компоненттен турат:
1. Эмгек кирешеси — айлык акы
Кантип көбөйтүү керек? Жетекчилигиңиз менен айлыгыңызды жогорулатуу жөнүндө сүйлөшүп көрүңүз же туруктуу иштеген жериңизди алмаштырыңыз. Болбосо, кошумча жумуш табыңыз.
2. Мамлекеттик киреше. Алар: жөлөк пул, социалдык ар түрдүү артыкчылык берүүлөр жана салыктан чегерүү.
Кантип көбөйтүү керек? Мыйзамдарды изилдөө. Балким, сиз өзүңүзгө тийиштүү жеңилдиктерди колдонбой жүрөсүз. Мисалы, салык менен бирге социалдык камсыздандырууга ай сайын акча төлөйсүз. Бирок, аны эмнеге төлөп жүргөнүн билбегендер бар.
3. Активдердин кирешеси. Бул акча түз жумушчу күчүнүн натыйжасында пайда болбойт. Ал капиталды компетенттүү инвестициялоодон түзүлөт. Буга баалуу кагаздардан, депозиттерден, кыймылсыз мүлк, бизнес ж.б. кирешелер кирет.
Кантип көбөйтүү керек? Акчаңызды компетенттүү жумшаңыз. Активдер канчалык көп болсо, акча агымы ошончолук көп болот.
Депозит тууралуу билгиңиз келеби? Төмөндөгү макалалардан окуй аласыз.
3. Чыгымдарды эсептөөгө мүмкүнбү?
Чыгымдар дагы бир нечеге бөлүнөт:
1. Учурдагы чыгымдар
Тамак-аш, батирдин төлөмдөрү, транспорт, дарылануу жана эс алууга кеткен чыгымдар … Булар кадимки жашоо деңгээлин сактоо үчүн керектүү нерселер.
Кантип азайтуу керек? Биздин алдыбызда көптөгөн максаттар, ички баалуулуктар бар, ага ылайык акчаны кандайча жумшаарыбызды чечебиз. Андыктан, өзүңүз менен бир пикирге келүү өтө маанилүү. Эгерде сиз жөн гана үнөмдөө режимине кирип, бардык нерседе өзүңүздү чектей баштасаңыз, “бузулуу” процесси сөзсүз болот. Андыктан, өз максатыңызга жетүү үчүн арзан же акысыз эс алуу жолун тандаңыз. Мисалы, «мен өтө көп иштейм, чарчадым» — деп, кымбат курортто эс алуу ордуна, жумуш жүгүн азайтыңыз.
2. Активдерге чыгымдар
Активдерге чыгымдарды биз кайра киреше алуу үчүн коротобуз. Мисалы, банк эсебин төлөө, ишкердик чыгымдар, ижарага берилип жаткан батирди оңдоо жана башкалар.
Кантип азайтуу керек? Бул чыгымдар акыры акча алып келет. Андыктан, активдерге кеткен чыгымдарды таптакыр үнөмдөөгө жол бербеңиз. Бирок, бир жагдайды эске алыңыз. Эгерде активдерге кеткен чыгымдар түшкөн кирешеден ар дайым жогору турса, анда аны саткан жакшы. Буга мисал катары узак убакыттан бери ижарага алуучу киши табылбаган, бирок оңдоо, коммуналдык төлөмдөр жана салыктар үчүн туруктуу чыгымдарды талап кылган кыймылсыз мүлк эсептелет.
3. Социалдык чыгымдар
Биздин мамлекет алдындагы карызыбыз: салыктар жана айыптар.
Кантип азайтуу керек? Мыйзамдарды дагы бир жолу изилдеп көрүңүз. Балким, сиз үчүн пайдалуу салык схемасын табасыз. Мисалы, айрым жеке ишкерлерге патент жөнөкөйлөтүлгөн жана арзаныраак болот.
Ишкерлик туурсында кызыктуу макалалар:
Ишкер: Ат-Башынын сыры десек, эл күлчү
Бактыгүль Аскералиева: Өзүмдү ишкер эмес, агроном катары тааныштырам…