Ишкер дегенде эле көз алдыбызга шаарда жашап, ири бизнес түзгөн адам келет. Бирок, коомдо калыптанып калган ой жүгүртүүнү бузуп, тоо этегинде ишкерлик кылган адамдар да жок эмес. Анан калса, биздин бүгүнкү каарманыбыз 130 үндүк багып жаткан пенсионер Айгүл Усубалиева.
Канаттуунун тилин таап, ишкерлик кылып жаткан Айгул апа Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургуну. Үндүктөр менен ишкерлик кылууда ал үй-бүлөсүнүн каршы болгонуна карабай, иш баштаган.
“Мен көзүмдү жуумп эле алып алыптырмын. Анан жүрөгүм түшүп, аларды өлтүрүп албайын деп, интернетти каздым. Башында 20 жөжө алып келгенбиз. Ал деле жем ж.б чыгымдарын кошуп 15 миң сомдун тегереги болду. Былтыр билбестик кылып беш алтоону өлтүрүп алдым. Ит жеп кетет, кыпчылып өлүп калат дегендей. Үй-бүлөм, уулум бар бойго жеткен. Ошол уулум “апа, өз башыңа өзүң түйшүк артып эле жүрөсүң, койчу ай” деп эле жаткан. Анан былтыркы жыйынтыкты көргөн соң, быйыл өзү кызыга баштады. Керек болсо, шаарга барып өзү чуркап журуп алып келип берди. Үйдөгүлөр башында “каяктагыны чыгарасың, кое турчу” деп каршы болуп жатышкан.”
Мугалим болуп эмгектенип жүрүп пенсияга чыккан каарманыбыз учурда 60 жашта. Пенсияга чыккандан кийин анын бала кезинен берки канаттууларга болгон сүйүүсү ишкерликке айланган.
“Мурда жөнөкөй канаттууларды багып, тоок багып, кадимики үндүктөн 60-70 багып жүрчүмүн. Ошонун акчасы менен балдарымды окутуп, контрагын төлөп эле жүрдүк. Эл “кантип өлтүрбөй багасың” деп кызыгат. Өткөн жылдары болсо керек, кудаларыбыз менен сүйлөшүп отуруп үндүктөрдүн башкача породалары тууралуу угуп, кызыгып калгам. Мурда болсо биз Кажы-Сайда турчубуз. Анан союз кулап, завод жабылган соң, айылга көчүп келип кашар алып, жашап калдык. Баланы багуу үчүн эмне гана кылбайсың? Өрдөк тоок, каз бактык. Аягында тоок менен үндүккө токтодук. Негизи булар кирешелүү булак болот экен. Эмгегиң акталат экен. Эти укмуш даамдуу. Үндүктү баккандардын кээ бири асты 26 кг чейин эт алып жатат. Биз буга чейин да көп маани бербей койдук. Ошентсе дагы, жарымы эле өз баасын актап берди. Калганын келген конокко союп берсең деле сонун тамак ушул экен. Берки үндүктөргө караганда бул укмуш даамдуу.”
Айгүл апа багып жаткан үндүктөрдүн жумурткасы Кыргызстанга Канададан келет экен. Жумурткасын бастырып, жөжө чыгарууда ал эксперименттерди да жүргүзүп көрүүдө.
“Берки үндуктөр морт болот. Аларды бир ай жөн эле бапестеп багуу керек. Ал эми булар антпейт. Убак – убагы менен жем суусун берип, карап коюу керек. Дүкөндө жумурткалар басылып, жөжөгө айланган соң, алар сатыкка чыгат. Мен адегенде жумурткасын эле сатып алып, Кыргызстандагы кадимки үндүктөргө бастырайын десем жакшы жыйынтык чыкпай калышы мүмкүн деген пикирди айтты. Жумуртка менен жөжөнүн баасындагы айырма болгону 100 сом экен. Анан мен жөжөлөрүн алгам. Быйыл болсо, эксперимент катары жумуртканы бастырып көрдүм. Булар көп тууй берет экен. Бирок, өздөрү баспайт экен. Анан берки үндүктөргө бастырсам, жумуртканын чел кабыгы катуу болот экен. Жумуртканын качан чыгаарын мен билбейм да, болжол менен 100 жумуртка салсам, анын жарымы чыкты. Андан кийин дагы бир үндүккө жумурткаларды бастырып аябай карап жаттым. Андан 12-13 жөжө чыкты. Аны кызыма белек кылдым.”
Жумурткасын, этин кызыгып алып кеткендер арбын. Былтыр Бишкекте бул үндүктөрдүн бир килограммы 400 сомго чейин болгон. Ал эми булар 10-25 кг чейин эт берет.
«Былтыр мен август айында багып баштадым. Анан февраль айында акыркыларын сатып бүттүм. Ошондо дагы, 13-14 кг, акыркыларынан 8-11 кг эт алып жаттым. Эти абдан даамдуу болуп, сорпосу да өзгөчө болот экен. Биздеги кадимки үндүктөр кышында эле май кармаса, булар кышы-жайы дебей майлуу болот экен. Быйыл эми жакшы түшүм алууга аракет кылып жатабыз. Бул үндүктөрдүн түшүмү алты айдан кийин боло баштайт. Негизи өз эрежеси менен бакканда 25 кг чейин эт бериши керек. Бирок, биз Тоңдун шартында жайытка кой кайтаргандай эле багып жатабыз. 25 кг болбосо дагы, 20 кг болсо биз үчүн жакшы. Бул ишти үйрөнүп алса, кудайга шүгүр жакшы окшойт. Биз жолдун боюнда турабыз. Жолдон өткөндөр кызыгып сурашат. Азырынча аны көбөйтүү үстүндө иштеп жатабыз.»
Айгүл апа, учурда багып жаткан үндүктөргө атайын өзүнүн тамактарын берип багат. Алар ар түрдүү бай витаминдер кошулган азыктар. Ортодо анын тамактануусун бузуп алдык деген каарманбыз, өз тажрыйбасы тууралуу ачык маек берип жатты.
“Баягы күндөрү тамактануу тартибин бузуп, арпаны тарттырып келип бергенбиз. Чоңоюп калды деп ойлогом. Бирок, булар сыртынан чоң көрүнгөнү менен ички организми али жаш экен. Кайра рационун күчтөп жиберсек, кудайга шүгүр оңолуп кетти. Барган сайын, баккан сайын тажрыйбалар топтоло берет экен. Ал эми биз берки жөжөнү колубузда эмне болсо ошону берип бага беребиз. Тоокту деле ошентип багабыз. Бирок, булардын багуусу бөлкчо болот.”
Башында ишенбей, кызыкпай жаткан үй-бүлө мүчөлөр дагы бүгүнкү күндө жапа тырмак киришип, баштаган иштин акыбетин көрүү аракетинде.
«Азыр бүт үй-бүлөбүз менен фокусубуз ушу үндүктөрдө. Жолдошум, уулум түнү менен тик туруп карап жатышат. Азыр 2,5 ай болуп калды. Күнүнө таңкы саат жетиде тамагын беребиз. Күнүнө үч маал тамактанат. Биз тоонун этегинде жашагандыктандыктан, тоодо кайтарабыз. Түштө киргизип, тамагын берип, кайра чыгарып кайтарабыз. Антпесе, булар чачырап кетет. Ошол үчүн артынан сая түшүп кароо керек. Буюрса эмки жылы да көбөйтсөк деген илгери ниетте турабыз. Булар жемди абдан жакшы жегендиктен, алгач эле тонналап жемин камдоо керек экен.»
Эки жылдан берки тажрыйбасына таянып Айгүл апа үндүк багып иш баштайм дегендерге эң ириде алардын жатчу жерин, азыгын, тазалыгын сактоого кеңеш берди.
«Берки үндүктөргө караганда, бул багуу жагы ыңгайлуу, анткени булар жоош болот. Мисалы, берки үндүктү “кыш” десең, кетип калат. Булар эч эле антпейт. Бутуңа чалынып эле жүрөт. Анан жайытка чыгарып коюп отурсаң, тегеректе эле жата берет. Ары-бери чуркабайт. Анткени, эттүү болгондуктан, кыймылы жай болот. Болгону жемин мол алып, кармаганга атайын жер менен камсыздоо керек. Кичинекей кезинде караган бир аз түйшүктүү болот. Кутуга салып киргизип, чыгарып, тамагын берип, түнкүсүн дагы экилерде туруп карачубуз. Азыр кадимкидей системага түшүп калдык. Азыгын өз убагында берип коебуз. Кээде ачка болгондо өздөрү ылдый түшүп келишет. Биздин чөлкөмдө жыйырмага чукул үндүк баккандар бар. Бирок, көп санда баккандарды кезиктире элекмин.»
Касиет Кубанычбек кызы
Ишкерлик тууралуу төмөнкү макалаларды да окуй аласыз:
Айылда кандай бизнес ачса болот?