Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов облус жетекчилигине жаңы дайындалгандан тарта Талас облусун түрө кыдырып, карпайым элдин жашоосун жеринде көрүп, көйгөйлөрдү угуп, эң ири маселе жумушсуздук болгондуктан, жаңы иш орундарын ачуу максатында “Жети кадам” программасын иштеп чыккан.
Программанын башкы багыты Талас жергесинде жаңы бизнес долбоорлор ишке ашыруу менен жергиликтүү элди иш менен камсыз кылуу жана облустун социалдык-экономикалык өсүп өнүгүшүнө салым кошуу.
Учурда Талас районунун айыл өкмөттөрү бизнес долбоорлорду жазып, облус жетекчиси жана “Жаш ишкерлер Ассоциациясы” (ЖИА) менен бирге талкуулашып, заман талабына шайкеш долбоорлордун үстүндө иштеп, ал эми чийки долбоорлорду бышырып кайра карап чыгууга айыл аймактарына жөнөтүшүүдө.
Бизнес пландардын көпчүлүгү кайракы жерлерге суу жеткирип алма бак өстүрүү, күнөскана куруу, малды асылдандыруу боюнча долбоорлоронуп, сунушталганы белгилүү болду.
Талас районунун бийик тоолуу Талды-Булак жана Ак-Коргон айылдарын камтыган И.Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Кудайбергенов башчысы асыл тукум жылкыларды көбөйтүү жана эт иштетүү багытындагы долбоорду сунуштады.
— Мен эки долбоордун үстүндө аракет кылып жатам. Биринчиси, колбаса цехин ачууга 1 миллион 250 миң сомдой каражат керектелет, бул иш ачылса буйруса өзүн-өзү бат актайт. Экинчи долбоор асыл тукум жылкы багуу, бул ишке 2000 миллион сом жумшалат. Бул саал кечирээк жемишин берет, эки-үч жылда өзүн актайт, -деди айыл өкмөт башчысы.
Ал Эми ЖИА ассоциациясынын Таластагы өкүлчүлүгү бизнес долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө бел байлап турган учуру.
— Бизнес долбоорлорду ишке ашыруу иш планы кагаз жүзүндө гана калбай элет жерин өнүктүрүүгө багытталууга тийиш. Көпчүлүк сунушталып жаткан долбоорлор толук кандуу иштелип чыккан эмес. Ошондой болсо да долбоорлор элет жерин өнүктүрүүгө, элди иш менен камсыздоого багытталган. Андыктан долбоорлорду толуктап, кайра иштеп чыгып, ички, тышкы инвесторлорго сунуш кылсак болот, — дейт ЖИА ассоциациясынын Таластагы өкүлү Тилебалды Ураимжанов.
Мира Сейдикеримова