kyrgyzmedia.kg сайты республика аймагында айыл жаштарынын демилгеси менен түзүлүп иш алып барган жаштар топтору менен тааныштырат. Бул жолу Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылынын активдүү жаштары тарабынан уюштурулган иштери менен бөлүшөбүз
«Ак-Моюн Жаштары» — деп аталган уюм 2017-жылы айыл тургуну Мокеш Арстанбек тарабынан демилгеленип түзүлгөн. Айылдагы жаштарды колдоо жана жаш өспүрүмдөрдүн активдүүлүгүн жогоруулатуу максатында уюшулган коомдук уюм Ак-Моюн айыл өкмөтү менен биргеликте аталган айыл аймагында коомдук иш-чараларды уюштуруп, иш жүзүндө аткарып келет
Алгач айыл жаштарын бириктирүү, биргеликте иш алып баруу максатында Эрлан Жыргалбек уулу, Нурсултан Аскеров, Улук Өмүрбеков сыяктуу жаштар «Ак-Моюн Жаштары»-деп түзүп, анын башчысы кылып Мокеш Арстанбекти дайындашкан. Иш- чараларды уюштурууда өз айылынан чыккан атуулдардын каржылоосунда ишке ашырат. Учурда аталган топтун туруктуу жети мүчөсү бар.
«Башка айылдарда деле мындай уюм түзүүдө лидерлик сапаты бар, мыкты уюштуруучу бир гана жигит болсо да мындай иштерди аткарууга мүмкүн. Эң негизгиси кайдыгер болбоо керек»-деп билдирди уюмдун башчысы Мокеш Арстанбек
Окуучулардын муктаждыктарын орундаткан студент кызhttp://kyrgyzmedia.kg/2020/12/24/okuuchulardyn-muktazhdyktaryn-orundatkan-student-kyz/
Айыл жаштары жалгыз бой энеге үй куруп бериштиhttp://kyrgyzmedia.kg/2020/11/16/ajyl-zhashtary-zhalgyz-boj-enege-j-kurup-berishti/
Айгерим Кубатбекова