Пандемияга байланыштуу март айынан тарта окуучулар онлайн окууга аргасыз болушкан. Учурда эпидемиологиялык абал турукташып калганынан улам окуучулар салтуу билим алууга өтүү астында турат. Эми аларды кандай өзгөрүүлөр күтөт, салтуу билимге адаптация болууда мугалимдер кандай кеңештерди берет?
Мугалим Насиба Исмаилова карантинден соң окуунун ачылышы мөндүрлүү жаандан кийинки жаркырап тийген күндөй эле болду – деп белгилейт.
“Окуучулардын окууну сагынып калышканы даана байкалып жатат. Мугалимдер, бирге жүргөн теңтуштары менен жакындан баарлашуу баарына жакканы байкалып, бул жагымдуу чөйрөгө баарыбыз тез эле көнө түштүк”.
Деген менен, көпчүлүк мугалимдер онлайн окуу учурунда окуучулардын окууга болгон кызыгуусу жоголуп, билим сапатынын төмөндөп кеткени байкашкан.
“Аралыктан окуу окуучулардын билим алуусуна бир топ эле тоскоолдуктарды жаратты десем жаңылышпайм. Мен мугалим катары аралыктан окутуу учурунда окуучулардан көп нерсени байкадым. Мисалы айрым окуучулар тапшырмалардын жоопторун интернет булактарынан алып же болбосо уюлдук телефон аркылуу бири биринен көчүрүп алышып жиберип жатышты. Эми салттуу окууда мугалимдер үчүн да, окуучулар үчүн да кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Мугалимдер окуучулардын билим сапатын жогорулатуу үчүн талбай иштешибиз керек, ал эми окуучулар билим алыш үчүн жалкоолонбой билим үчүн умтулушу зарыл.”
Мугалимдер салтуу окууга өтүүдө окуучуларга төмөндөгүдөй кеңештерин берет:
Республика аймагындагы дээрлик бардык мектептер салтуу билим алууга өтүшөт. Бирок, бул вирус тактакыр эле жок деген сөз эмес. Андыктан санитардык чараларды унутпоого чакырабыз. Мурдагыдай эле аралыкты сактоо, бет кап тагынуу сыяктуу эрежелерди эсиңизден чыгарбаңыз!
Онлайн окуу. Эффективдүү билим алуу үчүн кеңештер
Аралыктан билим алууга онлайн ресурстар
Айгерим Кубатбекова