Талас облусунун Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери жана Талас университетине караштуу колледжинин автомобилдик техникалык тейлөө адистигинин студенттери менен биргеликте “ Пешеход”, “Абайлагыла балдар” аталыштагы рейд өткөрүлүүдө.
Бул рейддин өткөрүлүп жаткандыгынын бирден — бир себеби жөө жүргүнчүлөр жол эрежесин көп бузуп жана айдоочуларга тыгым жаратып жатканына байланыштуу өтуп жатат. Бул рейддин негизги максаты, жөө жүргүнчүлөргө жолдо жүрүү эрежесин жана этикасын үйрөтүү, жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу. Бул тууралуу кененирээк маалыматты Талас облусунун жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүсү жана милициянын кенже лейтенанты Сабит Оморбеков мындай дейт:
«Биз бул убакытка чейин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы менен иш алып барып келсек, бүгүнкү күндө өкмөттүн 734 токтомунун негизинде жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы болуп дайындалып, 1093 буйругу менен иштеп жатабыз. Азыркы учурда Талас облусунда 112 мектеп бар болсо, ошонун баарына бирден милиция дайындалып, жолдо жүрүү эрежелери боюнча сабак өткөрүлүп жатат».
Азыркы учурда жол кырсыгы көп катталып жаткандыгына байланыштуу ГАИ кызматкерлери кызуу иш алып барып жаткан учур.
Даярдаган: Толгонай Тимурова