Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын борбордук көчөсүнө 8 жерге айыл өкмөт тарабынан унаалардын ылдамдыгын азайтуу үчүн унаалар үчүн дөңсөлөр жана эрежелер орнотулду. Жалпы айыл өкмөт тарабынан 200 миң акча бөлүнгөн.
Кулатов айыл өкмөтүнүн борбордук аймагынын айыл башчысы Курсанали Маткаримовдун билдирүүсүнө караганда:
«Кулатов айыл өкмөтүнүн борбордук көчөсү тегиз болгондугуна байланыштуу айдоочулар автоунааларын өтө жогорку ылдамдыкта айдашчу. Анын натыйжасында бир нече жолу жол кырсыгы катталып, айыл тургундарына, мектеп окуучуларына, жөө жүргөн жүргүнчүлөргө коркунуч алып келчү. Адам өмүрүн алган кырсыктар да тилекке каршы болуп жатат. Ошол себептен ар бир айылга бөлүнгөн акча каражатынан бөлүп алынып, 4 комплект 8 жерге ылдамдыкты азайтуу үчүн тосмолор коюлду.
Бул тосмолор Россия мамлекетинен алынып келинген, сапаттуу желим заттардан жасалган тосмолор орнотулду. Аларды көрсөтүп туруучу белгилер да орнотулду. Ар бири 40 миң сомдон алынып келинип, жалпы 200 миң сом акча каражаты коротулду. Бул белгилер элдин коопсуздугу үчүн чукул бурулуштарга, мектеп, бала-бакчалардын жана эл көп баскан жерлерге коюлду. Буюрса жол кырсыгына бөгөт коюлат деген ойдомун».
Айыл тургуну Басигүл Осмонованын айтуусунда:
«Жол боюнда жашагандыгыбызга байланыштуу, жолдо унааларын өтө катуу ыламдыкта айдап өтүшөт. Ошол себептен балдарыбызды сыртта ойнотуудан коркобуз жана балдарды мектепке жөнөтүүдө өтө кооптуу. Быйылкы жылы эле ушул жерде 1, 2 жол кырсыгы катталды. Учурда автоунаалардын ылдамдыгын азайтуучу белгилердин коюлгандыгына аябай кубанып жатам. Бул өтө керек эле, керектүү жерлерге коюлуптур. Койдурган адамдарга ыраазычылык билдирем».
Кулатов айыл өкмөтүнүн жашоочусу Кубанычбек Кадыровдун айуусунда:
«Борбордук көчөгө коюлган жол белгилер өтө керек эле, себеби 2 км алыстыкка баламды мектепке алып барып алып келүүгө туура келет. Жашоочулардын коопсуздугу үчүн бул белгилердин коюлушу замандын талабы деп ойлойм. Өтө жакшы болду деп сүйүнүп жатабыз».
Таңнуру Жалалова, Чынара Нурманова