«Инсандык ϴнүгүү» студенттик клубу Нурзат Токтосунова менен биргеликте «Ийгиликке жетүү кыйын эмес» темасында окуучуларга тренинг ɵттү.
Ага Сокулук районунун Ысмайыл айылындагы Чодугүл Байсалбекова, №4 Муса Жангазиев атындагы орто мектептери жана №1 Алымкул Жакшылыков атындагы гимназия мектебинин келечекте журналист болууну каалаган окуучулар катышышты. Иш- чарада Нурзат Токтосунова ийгиликке жетүү үчүн, изденүүнү кɵбɵйтүп, жалкоолуктан арылуу зарылдыгын белгиледи. Балдарга дүйнɵ таанымды кеңейтип, баштаган ишиңди аягына чыгарганда гана ийгилик жылмаяры түшүндүрүлдү.
Ал эми окуучулар демине дем кошулганын белгилеп, келечекте максаттарын ишке ашырууну убада кылышты.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова