Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин мугалимдери жана 11-классынын окуучулары ЖРТга кантип даярдануу керектиги тууралуу өз пикирлерин айтышты.
Кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын мугалими Жумакан Кожомкулова: «Ар бир билим алам деген окуучу ЖРТга даярдануу үчүн 5-класстан баштап эле акырындык менен багыт алуусу абзел. Ал эми 8-9класстан баштап шаарга, районго, областтарга барып ар кандай тесттерге катышып өз билимин жогорулатуусу керек. Мисалы, Нарын облусундагы «Secom» окуу борборуна барса, баланын билим деңгээли өркүндөйт. Окуучу ЖРТ га даярдап жаткан мугалими менен, ошону менен катар эле өз бет алдынча дагы көп даярданса өтө жакшы болот. Кыргыздын белгилүү жазуучу, акындарынын чыгармаларын, деги эле китепти көп окуу абдан пайдалуу.
Чыгарманы окуган соң ага талдоо жүргүзүү тек гана сөз байлыкты, ой жүгүртүүнү гана өстүрбөстөн ЖРТ дан келүүчү окуп түшүнүү тапшырмасына дагы чоң пайдасын тийгизет. Ошондой эле антоним, синоним, омоним сөздөрдү өз алдынча отуруп таба билүүгө машыгып, лексиканы мыкты өздөштүрүү керек. Эгерде лексиканы билсе анологиядан эч кыйналбайт. Ал эми грамматиканы болсо биз 5-класстан баштап мектеп программасы боюнча өтөбүз. Грамматика боюнча келген тапшырмаларды, суроолорду мектептен алган билим аркылуу эле жооп берсе болот. Буга жеке эле окуучу же жеке эле мугалим кызыктар болбошу керек. Албетте, бул нерсеге ата-эне дагы кайдыгер карабастан кызыктар болуусу шарт. Ата-эненин баланын башка окуулардан, курстардан билим алуусу үчүн шарт түзүп, финансылык жактан колдоосу эң туура чечим. Ошондо гана ал окуучу жогорку баллдын ээси боло алат.»
11-классынын окуучусу Айэлита Акылбекова дагы өз ою менен бөлүштү: «Мен ЖРТга колумдан келишинче бардык аракетимди жумшап, окуп жатам. Менинимче ЖРТга болушунча эрте даярданган туура. Себеби канчалык эрте көп аракет кылсаң ошончолук деңгээлде үзүрүн көрөсүң. Ал эми мен ЖРТга даярданууну ушул жылдан баштадым. Буюрса даярдыгым жакшы жана жакшы жыйынтык алып жатуудамын.
Азыркы учурда Нарындагы «Secom» окуу борборуна барып жатам. Секомдон мен бир гана ЖРТга даярданбастан, ал жерден тарбиялык жактан да, руханий жактан да терең билип үйрөнө алдым десем туура болот. Мен ал жакка алгач барганда 148 балл алып келгем. Андан кийин экинчи китебинде 159 балл алдым. Менин оюмча жакшы эле жыйынтык. Ошондой эле, «Билим алуу ийне менен кудук казгандай» демекчи мындан ары да билимимди кеңейтүүнү улантып, башка жактарга да барып даярдансам деген оюм бар . Анткени жогорку баллдын ээси болуу көп даярдыкты талап кылат экен.»
Акылай Болотбекова