Жумгал районунун Байзак айылында түшүм майрамына карата өткөн ат оюндарынын жыйынтыгы чыгып, байгелери ыйгарылды.
Кунан чабышта 1-орунду Таш-Дөбө айылынан Бакыт Солтобековдун кунаны келип 10 миң сом, 2-орунга Чүй облусунан келген Азим Сасыкуловдун кунаны 6 миң сом, ал эми 3-орунга Таш-Дөбө айылынан Токтокожо Чаңовдун кунаны келип 4 миң сом сыйлык алды.

Сыйлык тапшыруу учурунда

Ат-башы жана Байзак баатыр командалары Көк-Бөрү
Жорго салышта Мирлан Сапарбековдун «Акбар» аттуу жоргосу биринчи келип 12 миң сом, Эржан Асановдун «Торала» жоргосу 6 миң сом байге менен экинчи орунду ээлесе, 3-орунду
Турар Шакировдун «Аян тор кашка» жоргосу багынтып, 5 миң сом алып кетти.

Кунан чабыш

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жамшит Матанбаев
Аламан жарышта 1- орунду Токмоктон келген Баги Базарбаевдин «Сулуу тору» күлүгү 15 миң сом, 2-орунду Нурзат Бурбаевдин «Маржан» күлүгү 10 миң сом, үчүнчү Куйручук айылынан Кубан Насировдун күлүгү келип, 5 миң сом сыйлыгын алды.
Аны менен катар райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен райондун айыл чарбасына эмгеги сиңген инсандар сыйланышты.