Жумгал районунун Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы Соң-Көл кинотеатры капиталдык ремонттон өтүп жатат.
Жумгал районун өнүктүрүү фондусунун байкоочу кеңеши тарабынан жактырлган долбоорго 10 млн сом акча каражаты каралган. Фонддун директору Элдияр Солтоевдин айтымында, долбоордун сметалык баасы 10 млн сом, ал эми тендердик наркы 9 млн 180 миң сомду түзгөн, долбоорду ЖЧК “Ильяс Курулуш” фирмасы ишке ашырып жатат.
Долбоорго ылайык, 250 орундуу чоң залынын ичи жасалып бүтүп, орундуктары алмаштырылууда андан сырткары 30 орундуу 3D кичи залы жасалып жатат. Имараттын толугу менен эшик терезелери алмаштырылып, эшигинин алдына таман таш төшөлдү.
Кинотеатрдын жылытуу системасы дагы керектен чыгып калгандыктан, жаңыртылып жатат.
Бүгүнкү күңдө 10 курулушчу иштеп жатышат, декабрь айынын аягы менен ишке берилет.
Маалымат үчүн айтсак, Жумгал районунун аймагындагы 20 дан ашуун көмүр кенинен түшкөн каражат райондук өнүктүрүү фонду аркылуу социалдык-экономикалык долбоорлорго жумшалып келет.