Тарбия иштеринин уюштуруучусу Нуркамал Шайнаеванын уюштурусунда “Көйгөйлөрдүн жаралышы, тарбиянын тайкылыгыбы же?”деген темада жаш өспүрүмдөр арасында мушташуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Тогуз-Торо жетекчилери мектепте ата-энелер жана окуучулар менен жолугушушуп, ой бөлүшүштү.
Иш чарага Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошов, райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги Талант Сабырканов, райондук соттун судьясы А.Төлөнбаев, прокурордун жардамчысы Данияр Асанов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев, мектеп мугалимдери, ата-энелер жана окуучулар катышышты.Учурдун көйгөйлүү маселери талкууга алынды.
Милиция кызматкерлери тарабынан окуучуларга эрте турмушка чыгуу, тамеки тартуу, спирт ичимдиктеринин зыяндуулугу тууралуу маалыматтар берилди.
Жыйынтыгында көйгөйлөрдү угуп, талкуулашты. Ошондой эле ата-энелер мектептен сырткары өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу керектиги айтылып, алардын туура жолго түшүүсүнө өбөлгө түзүү керектиги белгиленди.
Бул туралуу Асан Абдраимов атындагы орто мектебинин тарбия иштеринин уюштуруучусу Нуркамал Шайнаева билдирди.
Даярдаган: Анара Мааметова