Белгиленген карантин убагында үй- бүлөлүк зомбулук 65%га өсүп, анын ичинде аялдарга карата зомбулук күчөдү.
Суусамыр айыл өкмөтүнүн социалдык адиси, милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана аксакалдар сотунун өкүлдөрү айыл ичинде үй- бүлөлүк зомбулук катталбагандыгын билдирип келишет.
Ал эми Жайыл РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын улук лейтенанты Бексултан Джуматаев жыл ичинде катталган зомбулук иши тууралуу төмөнкү малыматтарды берди:
«2020-жылдын 11 айында Жайыл районунун аймагында Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси боюнча жалпы 380 үй- бүлөлүк зомбулук катталган. Анын ичинен 90% аялдарга зомбулук көрсөтүлгөн. 80% зомбулук иши спирт ичимдигин натыйжасында жаралат».
«Демилегелүү ишкер аялдар» коомдук фонду 1998-жылдан тартып өлкөдөгү аялдар маселеси менен иш алып барып келет. Аларга пандемия мезгилиндеги 6 ай аралыгында 396 аял жардам сурап кайрылган. Коомдук фонд аларга акчалай, керектүү каражаттар жана коопсуз жай кызматын көрсөтүп жардам кылышкан.
Эми зомбулук жасаган адамга көмөк көрсөткөн уюмдар тууралуу сөз кылсак.
Бишкек шаарында «Эркектер зомбулука каршы» коомдук фонду бар. Алар зомбулук жасаган адамды атайын окутуулардан өткөрүп, психологдун жана башка атайын адистердин кызматын көрсөтүп, аларды туура жолго багытташат. Фонддун негиздөөчүсү жана жетекчиси Марат Алияскаров маалымат берди:
«Биз жабыркаган эмес зомбулук көрсөткөң адамдарга жардам беребиз. Бул көп учурда эркектер болуп эсептелет. Алар 6 ай бою бир жумада бир жолу 2 саттык нөөмөткө келип туура жака өзгөргөнгө мүмкүнчүлүк алышат. 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 300 жакын адам биздин окууну бүтүрүштү. Анын дээрлик 99% жүрүм турумун оңдоп, үй- бүлөсүнө салым кошуп, жакшы тарапка өзгөрүшкөн».
«Эркектер зомбулука каршы» коомдук фонду Орто Азия боюнча мындай багыттагы биринчи уюм катары эсептелет. Өлкөдөгү мамлекеттик 40га жакын социалдык адистер да дал ушул уюмдун атайын окутууларынан өткөн.
Тогуз-Торо: Зомбулукту токтотуу аракети
Зыйнат Самар кызы