А. Абдраимов атындагы орто мектебинде жаш балдарга болгон зомбулуктан коргоо жана зордук зомбулуксуз тарбиялоо боюнча тегерек стол өтүлдү.
Аталган мектептин 6-классынын мугалими Жыпара Жээналиева, социалдык адиси Нурзат Аттокурова тарабынан иш чара уюштурулду. Тегерек столго райондук ички иштер бөлүмүнөн, балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Элдияр Шайкидинов, райондук имамы Тынчтык Болотбеков, ата-энелер, мугалимдер, окуучулар катышты.
Иш- чаранын жүрүшүндө зомбулуксуз тарбиялоо жөнүндө видео ролик көрсөтүлүп, теманын тегерегинде окуучулар менен биргеликте эркин баарлашуу болду.
Даярдаган: Жазгүл Машаева