Жайыл районунун Кара-Суу айылында «1-июнь – Балдарды коргоо күнү» белгиленди. Иш-чара мектепте болуп өттү.
Майрамдык иш-чараны Кара-Суу орто мектебинин мугалимдери Калыгүл Дооронбаева менен Айниза Абдрасулова алып барышты. Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан акча каражаты бөлүнүп, балдарга бал муздак таратылды.

Салтанатка ата-энелер, балдары жана мектеп окуучулары катышышты.
Балдар асфальтка ар кандай сүрөттөрдү тартышып, бий бийлеп, ыр ырдашты.
Даярдагандар: Сезим Дүйшекеева, Гүлзаада Бейшенбекова