“Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу (КЭУБ) боюнча окутуучулардын ассоциациясы” коомдук бирикмеси Талас мамлекеттик университетинде (ТалМУ) КЭУБ боюнча ресурстук борборду ачты.
Талас мамлекеттик университети КЭУБ боюнча университеттердин консорциумунун активдүү мүчөсү болуп саналат. Бул USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда ачылган КЭУБ боюнча алтынчы ресурстук борбор.


USAIDдин биргелешип башкаруу программасынын директорунун орун басары Руслан Молдокасымовдун айтымында, борборлорду Ист-Вест Менеджмент уюму ишке ашырып жатат.

Ачылуу аземине ТалМУнун ректору Айбек Упенов, окутуучулар жана студенттер, окуу-методикалык кеңештин, Талас облусунун мамлекеттик мекемелеринин, USAIDдин жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

ТалМУнун аралыктан билим берүү технологиялык борборунун директору Айсалкын Үкүева окутуучулар жааматына жана студенттерге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын билдирди.

ТалМУнун алдындагы КЭУБ боюнча ресурстук борбордо студенттердин, окутуучулардын, Талас облусунун коммерциялык эмес уюмдарынын, бизнес жана мамлекеттик секторунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кесиптик өнүгүү боюнча семинарлар, лекциялар, конференциялар жана дискуссиялар өткөрүлүп турмакчы.
Ачылуу аземинен кийин ТалМУнун окутуучулары “Тренерлер үчүн эки күндүк тренингге” катышат жана “Коммерциялык эмес уюмдарды башкарууга киришүү” жана “Азыркы дүйнөдөгү коммерциялык эмес уюмдар” КЭУБ боюнча курстардын окуу программаларын карап чыгышат, ошондой эле өздөрүнүн факультеттеринде КЭУБ боюнча курстарды окутуу үчүн инновациялык ыкмаларды өздөштүрүшөт.

Биргелешип башкаруу программасы (ББП) жарандык коомдун, менчик сектордун жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн эффективдүү кызматташуусуна көмөктөшүүдө.
Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Даярдаган: Рахат Камчыбекова