Суусамыр өрөөнүнүн 1-Май айылында окуучулар 6 км алыстыкта барып билим алышат. Негизинен бул айыл, 6 көчөдөн туруп, андагы 2 көчө мектептен бир кыйла алыстыкта жайгашкан. Ал 6 көчөнүн аталыштары, Жолго, Асанбай, 1-май, 12там, Токтогон, Кемпирек. Эң кызыгы бул көчөлөрдүн ар бири мурунку жашап өткөн аталардын атынан аталып калган деген сөздөр айтылат. Алардын ичинен «Жолго» жана «Кемпирек» көчөлөрү мектептен алыс жайгашкан. Бул көчөлөрдөн келген окуучулардын саны 30 дан ашык. Алардын көбү башталгыч класстардан келген окуучулар. Мектептин алыс болушу окуучулар үчүн кооптуу жана кыйынчылыктарды туудуруп келет.
Бул тууралуу мектеп окуучулары бөлүштү:
«Мен Кубатбеков Бекмамат. Карабеков Сатынбай атындагы орто мектебинин окуучусумун. Азыркы учурда 11-класста окуйм. Мектепке мен 1 саат же 50 минут убакытта жетип калам. Мен күндөгүдөй эле саат 9да үйүмөн чыгам. «Жол азабы, көр азабы» деп коёт. Биз “Жолгодон” келе жатканда эрте менен таңга жуук кыйын болот. Жөө басып келе жатканда дагы кээ бирлери менен кеп алышып, кантип жеткенибизди да билбей калабыз. Эгерде өзүбүз жалгыз кетип бара жатсак, колдорубуз үшүп, буттарыбыз үшүйт. Азыркы учурда заманыбызга жараша бутубузга ылайык келбеген бут кийимдер, биздин бутубузду сактай албайт десем болот. Ошондуктан Жолгодон келген окуучулар байма-бай ооруп турат десем болот. Баарыбызга билим керек болгондугунан, алысына карабай мектепке келип турабыз. Анан дагы биз 11-класс болгондугубуздан көп кыйынчылык тартпай деле калдык. Мындан, башталгыч класстан келген окуучулар кыйналышат. Кээ бир кезде атайын ат мингизип, алып келишет. Кээ бир балдар өздөрү жалгыз келишет. Кетип баратканда көрөсүң баланын аябай үшүп жаткандыгын. Келе жатканда да балдардын буту суу болуп, кыскасы абдан кейиштүү көрүнүш. Келечекте Суусамыр өрөөнүнүн бардыгына унаа жалдап берип койсо, демөөрчүлөр тарабынан, жакшы болмок. Жаңылыктардан көрүп жатабыз, көптөгөн айылдарга алып келип жатышыптыр. Бизде дагы үмүт бар, бизге дагы авто унаа алып келет деген», -деп билдирди.
«Мектеп менен менин үйүмдүн алыстыгы 6км, тоскоолдук аябай эле көп. Жолду суу каптап калат, суукка байланыштуу, кардын оорлугу жана карышкыр же чөө болуп калат деп кооптонуп, мен баламды күндө мектеке алып келип турам. Кээ бир кезде суу каптайт, дос каптайт, кар негизи убагында түртүлөт бирок кар жааган күнү техника келбегендиктен балдар аябай эле кыйналат. Бизден 18 окуучу барат мектепке, ошолордун 11и 4-класстан ылдыйкы башталгыч класстардын окуучулары. Чыгымдар көп болот, мисалы, күздөн кыш мезгилине чейин 2 бут кийим, кышында жол татаал болгондугуна байланыштуу 3 бут кийимге чейин кийилет. Жазында чыла, баткак болот, ал кезде өзүнчө бут кийим кийилет. Азыр суу каптаганда, азыркы бут кийимдердин сапаты аз болгондугунан, тамандары түшүп же тигилиштери сөгүлүп, аябай эле кыйынчылыктар болот»,-деп билдирет 1-класста окуган Асандын атасы Бакыт ата.
Ошондой эле мектепке барганда көп кыйынчылыктар болот деп билдирет Кемпирек көчөсүнөн келген 10-класстын окуучусу Таалайбек кызы Жеңишкүл:
«Жол абдан алыс, 1 сааттык жол болгонуна байланыштуу саат 9да үйдөн чыгабыз. Мектепке 1 саатта жетип, эртерээк жеткенге аракет кылабыз. Негизи кыйынчылыктарды айта кетсем өтө эле көп. Өзгөчө кичинекей бөбөктөргө абдан кыйын. Ар кандай мезгилдин ар кандай шарттарында, ар кандай кыйынчылыктар да кездешет. Мисалы айтканда, кышында алар тоңуп, кайрадан артка кеткен да учурлар болгон. Ал эми жаз айында болсо, жолдун ылайлыгына байланыштуу жана азыркы бут кийимдердин сапаты начар болгондуктан, буттарына суу кирип кайра артка кеткен күндөр да кыйла көп кездешкен. Ал эми өзүм тууралуу айта кетсем, негизи биз чоң класс болуп калсак дагы биз үчүн да аябай кыйын. Себеби, окууга жана аткара турган тапшырмаларга өтө тоскоолдугун тийгизет. Эсептеп көргөндө, 2 саат жолго кетип калат экен, бул 2 сааттын ичинде көп нерсени өзгөртсө болот, ошол үчүн бул глобалдуу маселе болуп саналат. Негизи келечекте жол маселеси да чечилиши керек. Себеби бул өтө чоң, глобалдуу маселе болуп жатат. Деги эле окуучулардын өмүрү жөнүндө, алардын сабакка катышуусу боюнча сөз болуп жаткандыктан, жакшы көз караш менен караш керек деп ойлойм. Келечекте автомобиль жагы каралып берсе деген ой бар, баардык окуучуларда. Себеби окуучулар тез жетиши үчүн, ден соолугуна кам көрүү үчүн дагы.»
Учурда бут кийимдер дагы сапатсыз болуп, бат эле жыртылып калып, капчыкка да зыяны тийип жатканын Кемпирек көчөсүнүн тургуну, ата-эне Нурайым Долдоева билдирет:
«Көптөгөн тоскоолдуктар болот себеби дегенде кичинекей кызым даярдоо классында окуйт, жолдун алыстыгынан абдан кыйналат. Азыр бут кийимдер жана кийимдер кытайдан чыккандыктан, сапаты жогуна байланыштуу, бут кийимдер түтпөйт. Буту суу болуп келет. Мектепке жакын унаалар жүрүп турса жакшы болмок эле. Азыр күн кыска болгондуктан, эрте менен 7де деле айылыбыз караңгы болот. Ошондо балдарыбызды тургузабыз, таң зарда, уйкусун бузуп. Андан кийин карышкыр чөөлөр да кооптуу коркобуз ошолордон. Кээде атасы машина менен жеткизип турат машина менен, кээде байкелери менен атка мингизебиз. Ал эми ар бир үйдө шарт жок. Кээ биринде унаа болсо кээ биринде жок болот. Андан тышкары бут кийим маселеси, жол абдан алыс болгондуктан жана айтып өткөндөй кийимдердин сапаты жок болгондуктан, бир кышта 2-3 бут кийим алып бергенге туура келет. Кээ бир кишилерде көп балалуу үй-бүлөлөр бар, алар кыйналып калышы мүмкүн».
Мектептин трабия иштери боюнча директордун орун басары Назима Койчукеева, алыс жашаган балдар сабакка кечигип келип, теманы түшүнүүдө да кыйынчылыктар болорун билдирди:
«Бизде Кемпирек жана Жолго деген көчөбүз бар. Ошол жактан окуучулар алыс жолду басып келишет. Кээ бирде сабакка кечигип калган учурлар да кездешет. Анда биз жаңы теманы түшүндүрүп жатканда, же болбосо үй тапшырманы текшерип жатканда 10-15 минут кечиккен окуучуларыбыз болот, ошондуктан тоскоолдук жаратат. Үй тапшырманы текшерип жатканда же жаңы теманы түшүндүрүп жатканда бир окуучу үчүн жаңы теманы кайра башынан айтып бербейсиң. Ошол үчүн үзгүлтүк болуп калат. Окуучу теманы түшүнбөй, аяк жагын эле угуп калган болот. Андан тышкары жолдору начар, жазга маал, андан кийин күзгө маал, жолдор начар, суулар каптап, окуучулардын буттары суу болот. Чоң балдар келе берет, айрым кичинекей балдарыбыз болсо буту суу болгондугунан кайра жолдон артка кайрылганга мажбур болушат.»
Мектеп жетекчилиги алыстан келген окуучуларга мүмкүнчүлүк түзүп, кыш мезгилинде сабактарды саат 10:00 до баштоого уруксат беришкен. Бирок бул менен эле маселе чечилип калган жок. Саат 10 до башталган сабак түштөк кийин бүтүп, балдар кайра үйлөрүнө жеткенче, кеч кирип кетет. Ошондуктан, унаа маселеси дагы деле курч бойдон калууда. Айыл өкмөтү тарабынан кандай иш жүргүзүлүп жаткандыгын 1-Май айылынын башчысы Сапарбек Кулболдиев айтып берди:
«Мындан 1-2 жыл мурда, Жолгодон келген окуучулар үчүн, жолду суу каптап окуучуларга кыйынчылык жаралчу. Ушуларга көпүрөлөрдү, трубаларды салып, жол жакшы болуп калды. Быйылкы жылга пландап жатабыз Кичи Үч Эмчектеги сууга көпүрөнү ремонттоп жасаганга аракет кылып жатабыз. Андан кийин кар жааган сайын, буга чейин Жолгодогу жолдор 3 жолу сүрүлдү. Ал эми Кемпирек жактагы карлар 2 жолу сүрүлдү. Андан соң Кырчын көчөөсүнөн келген окуучулар үчүн, көпүрө ремонттолду. Былтыр дагы ремонттолгон анан быйыл дагы жаңы ремонттолду.»
Окуучулардын айтуусу боюнча, эгер унаа, техника маселеси чечилсе, анда окуучулардын билим алуусуна чоң шарт түзүлмөк.
Даярдаган: Самудинова Толгонай