1-май майрамы Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Суусамыр айылында күжүрмөн эл эмгектин чордонунда мээнет кылышууда. Бири мончосуна чуңкур казып жатса, кээ бирлери жаштарды ойлоп, футбол аянтчасын куруп жатышат.
Суусамыр айылынын тургуну Мукашев Бактияр эмгекчилер кунүндө кантип эмгектенип жатканын айтып берди:
“Биз үчүн 1-май эмгекчилердин майрамы.Быйылкы жылдын эсебинен Суусамыр жергесинде көп иштер кылынып жатат. Үйдө ич-ара жумуштарды бүтүрүп атабыз, тегерек четти тазалап жатабыз. Азыркы учурда баняга чуңкур казып жатам. Эмгекчил болууга колдон келген иштерди кыла берип, Суусамыр жергесин өнүктүрө бериш керек.
”Кызыл – Ой айылынын тургуну Керимбеков Жарашбек Суусамыр айылындагы курулуп жаткан футбол аянтчада иштейт. Ал бул күнү аянтчаны куруу менен эмгектенип жатат:
“Мен үчүн 1-май чоң майрам, бирок азыр майрамдын кызыгы кетип калды мурункудай майрамдаган деле киши жок. Союз мезгилинде эң чоң майрам болчу, “Эмгекчилердин эл аралык майрамы”- деп айтылчу. Биз үчүн жумуш майрам болуп калды. Эмгекчил болуш үчүн талыкпаш керек, ар дайым кылган жумушунду акырын чыгууга аракет кылып, эч убакта жалкоолукту моюнга мингизбей, өзүңдү ар дайым тыкан жыйнактуу жүрүш керек. Биз былтыр бүтпөй калган объектти бүтүрүп жатабыз, бул кичи футбол талаасы Суусамыр айылы үчүн салынып атат. Муну айыл өкмөтү салдырып атат. Былтыр күздө каар жаап ийип бүтпөй калган, быйыл аягына чыгыш үчүн эмгектенип жатабыз”.
Ак эмгектин үзүрүн, күздө көрөрүбүз анык. Ким көп эмгектенсе анын жашоосу үзүрлүү болору, турмушу барчылыкта өтөөрү айдан ачык кеп.
Даярдаган: Гүлзар Сарымсакова
Мыкты макала сынагына