Суусамыр өрөөнүнүн тургундары негизинен мал чарбачылык менен алектенишет. Бул үчүн малдын саламаттыгы эң маанилүү. Айылда бир катар мал доктурлар эмгектенишет. Алардын ичинен Сагынбек Мейманкулов жаш адис болгондугуна карабастан, малды оорусунан айыктыруу үчүн болгон аракетин жасап иштеп келет.
Ал Суусамыр айылынын тургуну, жаш ветеринар. Окуусун бүтүп келгенден бери Суусамырдагы ветеринардык адистигин моюнга алган. Кадимкидей эле адамды карагандай, малдарга тамчылатма дары коюп, тууттан кыйналган малдарды “кесерова” кылып, тургундарга жардам берет. Анын айтымында, адамга караганда малды дарылаган кыйын жана мал ооруса бул жерим ооруп жатат деп айта албайт.
“Биздин алгачкы жумушубуз жеке ветеринардык кесип. Азыркы жазгы сезонго карата “шарп”, “кара сан” ооруларын вакцинацияларды жүргузүп жатабыз. Жана атайын дарылоолор да келип жатат.”
Жакында эле Суусамырлык мал доктурларга жайыт комитети жана АРИС долбоору тарабынан мотоциклдер жана ветеринардык аспаптар берилген. Суусамыр айылынын жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы Асаналиев Зоодан берилген мотоциклдер жана аспатар тууралуу кененирээк маалымат берип кетти:
“Мотоциклдар АРИСтин жайыттар менен мал-чарбачылыгын жакшыртуу долбоору алкагында берилди. Биздин айыл өкмөттүн аймагындагы 3 жеке ветеринарга берилди. Бул унаа каражат сыяктуу, тоодогу, айылдагы малчылардын малдарын дарылоо үчүн, бекер берилди. Мындан тышкары, 3 жеке ветеринарга баасы 1000 долларлык ветеринардык аспаптар берилди. Бул аспаптар окууларын жаңы бүтүп келгендерге стимул катары берилди. Булдардын жалпы баасы 105000сом болду, 73000 сом мотоцикл болсо, калгандарына ветеринардык аспаптарды алдык. Булардын бири Суусамыр, Кайсар, Тунук айылдарын тейлөө үчүн Мейманкулов Сагынбекке, экинчиси 1-май айылын кароо үчүн Бактияр деген балага, ал эми учүнчүсү Кызыл-ой айылындагы Азат деген балага берилди. Бул идея негизинен долбоордун программасында бар болчу. Жогоруда айткандай эле, бул мотоциклдер жана ветеринардык аспаптардын бардыгы АРИС долбоорунун негизинде келип жатат”.
Эшкожо уулу Туратбек Суусамыр айылынын тургуну. Жакында эле анын уйу тууттан кыйналып жатканда, Мейманкулов Сагынбекти чакырган. Ал уйдун ичин кесип төрөтүп, музоосу да, уйу да аман калган. Мына ушул тууралуу Туратбек өз ою менен бөлүштү:
“Бул уй биринчи туут кунаажын болчу. Ошол уйдун музоосу чоң болуп, тууй албагандыктан ветеринарларды чакыргам. Алар келип “кесерова” кылып, музоосун алып чыгышты. Азыркы учурда музоонун да, уйдун да абалы өзуңүздөр көрүп тургандай жакшы. Буйруса операция ийгиликтүү аяктады(күлүп).”
Ал эми азыркы учурда ал уйдун абалы эң жакшы.
Мейманкулов Сагынбек жана Суусамыр айылынын бардык мал доктурлары азыркы учурда айыл тургундардын алкышына татып, ыраазычылыгына ээ болуп жатышат.
Даярдаган: Назима Акишбекова
Мыкты макала сынагына