28-ноябрда Бишкек борбор калаада президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу республикалык жаштар форуму өткөрүлдү. Бул иш-чара маданий программа менен башталып, Кыргызстандын ар кыл тармагынан ийгиликке жетишкен өкүлдөрү катыша алышты.
Улуттар уюмунун Балдар корунун (ЮНИСЕФ) ыктыярчысы Акылай Сейитбекова Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде билим алган. Ал активдүү, жигердүү жаштардын катарын толуктап, жаштарды өнүктүрүүдө салым кошкондугу үчүн чакырылган. Форумга 2000ге чукул өлкөнүн ар кыл бурчунан жаштар, активисттер катыша алышты. ЮНИСЕФтин ыктыярчылары дагы алардын катарында болду. Маданий программанын алкагында сыйлыктар тапшырылды. Ал эми форумдун соңунда жаштар үчүн коюлган концерттик программа менен жыйынтыкталды.
ЮНИСЕФтин дагы бир ыктыярчысы Тамара Чойбаева Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде билим алган. Ал бул форум тууралуу өзүнүн сезимдери менен бөлүштү.
«Кыргызстандагы белгилүү уюмдарга чектелүү орундар бөлүнүп берилген, ЮНИСЕФке 50 орун берилген. Мен форумга ЮНИСЕФтин ыктыярчысы катары катыштым. Көптөгөн чоң- чоң ийгиликтерди багындырган инсандардын башынан өткөн окуяларын, басып өткөн жолун, кыялдарын, мотивация берчү сөздөрүн уктук. Мен дайыма кыялдануу керек, кыялдар сөзсүз орундалат деген ойго келдим».
Ар бир адам ийгилик жаратуу үчүн аракет кылса, ал сөзсүз орундалат. Жаштардын өнүгүүсүнө, билим алуусуна, өзүн-өзү өнүктүрүсүнө мындай форумдар чоң өбөлгө болот.
Гулнара Кенжеш кызы