Бүткүл дүйнөлүк балдардын күнү жыл сайын 20-ноябрда белгиленет, ал БУУнун Баланын укуктары боюнча конвенциясынын кабыл алынган күнүнө арналган. Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү балдарга жана жаштарга өз укуктарын коргоого түрткү берүүгө багытталган. Быйылкы глобалдык иш чараларда жынысы, расасы, дини, майыптыгы же дагы башка макамдарына карабай, ар бир баланын дискриминациянын бардык түрлөрүнөн коргоолуу укугуна басым жасалууда.
ЮНИСЕФ жана анын өнөктөштөрү Кыргызстанда бул күндү бүт өлкө боюнча бир нече иш чаралар менен белгиледи. Алардын катарында: Оштогу футбол фестивалы, ЮНИСЕФтин ыктыярчыларынын арт-марафону, “Балдар чечет” жана “Дүйнөнү көк түскө боёйбуз” акциялары.
“Балдар башкарат” — бул бүткүл дүйнөдөгү балдарга ЖМКда, саясатта, бизнесте, спортто жана көңүл ачууда тизгинди колго алып, билим берүү, коргоо жана башка негизги укуктарында көйгөйлөргө бет келген миллиондогон курдаштарына колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берген демилге. Кыргызстанда ЮНИСЕФтин жетекчилиги алдындагы кампанияга Жогорку Кеңеш, Ош облустук администрациясы, ЕБ делегациясы, ЕККУ жана Демир Банк катышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 16 жашар Сауле Нарынбекованы социалдык маселелер боюнча комитетте жыйын өткөрүү үчүн чакырды. Сауле экология маселелери жана кыздардын билими, өзгөчө табигый илимдер, технологиялар, инженерия жана математика (STEM) боюнча билим алышы боюнча тынчсыздануусун билдирди.
15 жаштагы Абдулкадыр Дүйшөналиев Бишкектеги Улуттук китепканада ЕБ элчиси Мэрилин Йозефсон менен чогуу “Жашыл фестивалында” тең төрагалык кылып, шаарда тазалыкты сактоо үчүн акылдуу таштанды үкөктөрү жана кайра иштетүүнү жайылтуу боюнча айтып берди.
17 жашар Шахида Амирова болсо Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы элчиси Алексей Роговдун ордун ээледи. Шахида жаңсоо тили менен сүйлөп, инклюзивдүүлүк, толеранттуулук жана балдардын укуктары боюнча ойлору менен бөлүштү. Демир
Банк 15 жаштагы Нурел Жайлообаевди Л. Шевки Сарылар башкы менеджери менен баарлашуу үчүн кеңсесине чакырды.
15 жаштагы Аманда Сабирова Ош облустук администрациясынын губернаторунун орун басарынын кызматын ээлеп, айыл жерлериндеги жана алыскы аймактардагы саламаттыкты сактоонун жеткиликтүүлүгү боюнча кеп козгоду.
Дагы бир катышуучу, 9-класста окуган Хадича Бекмамат кызы губернатордун администрациясында кеңешчи катары тизгинди колго алып, мектептердеги технологиялардын жоктугу, гигиенаны жайылтуу сыяктуу билим берүү жаатындагы маселелерди көтөрдү.
Бул кампанияны белгилөө үчүн ЮНИСЕФ өнөктөштөрү менен бирге «Go Blue» чакырыгы алдында Кыргызстандагы маанилүү имаратттарды көк түскө боёшту. Имараттардын катарында Тарых музейи, БУУ үйү, Ош шаардык мэриясы жана Демир Банктын Бишкектеги башкы кеңсеси болду.