7-май күнү Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде Энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Музыкалык мектепте 100 000 сом өлчөмүндө кайтарымсыз акча алып, ишкерчилигин баштаган аялдар өздөрү өндүргөн продукцияларын жарманкеге алып чыгышты. Шаар тургундарынын назарына кол өнөрчүлөр тобунун буюм-тайымдары жана кондитердик азыктары коюлуп, гүл өстүргөн жеке ишкерлер гүлдөрдү сатыкка чыгарышты.
А.Токтогулов атындагы облустук китепкана “Ааламдын көркү аялзат” аттуу китеп көргөзмөсү жана белгилүү сүрөтчү Жаныбек Райдын “Эне жүрөгү” аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Салтанаттуу иш- чара концерт менен коштолуп 285 эне катышты.







Айгуль Сакеева