Кыргызстандагы «Чек арасыз дарыгерлер» Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы орто мектепте жогорку класстын окуучулары үчүн аялдардын ден соолугу туурасында окутуу уюштурушту.
Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык медициналык гуманитардык уюму (MSF) 2023-жылдын 23-майында Жаңы-Жер айылындагы орто мектеп менен өнөктөштүктө, MSF командасы маалымат иш-чарасын уюштуруп, жогорку класстын окуучуларына аялдардын ден соолугунун негиздери менен таанышууга жана аны коргоо жана сактоо боюнча баалуу кеңештерди беришти. MSF медициналык кызматкерлери жана психолог окутуучу сессияны өткөрүп, билимдери менен бөлүшүп, окуучулардын суроолоруна жооп беришти.
«Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун психологу Эльмира Ибраева кыздар менен иш алып барууда
Чек арасыз дарыгерлер Кыргыз Республикасында аялдардын ден соолугун чыңдоо менен активдүү алектенип келет. 2022-жылдан бери аталган уюм Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Сокулук районунда жатын моюнчасынын жана сүт бездеринин рагын аныктоо боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда. Бул иш-чараны так ушул Жаңы-Жер айылында өткөрүү пландалган.
Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин мүдүрү Меделкан Шеримбековдун айтуусунда «Чек арасыз дарыгерлер» уюму мектептеги жогорку класстын окуучуларына, ар кандай маалыматтык сессияларды уюштуруп турушат. «Бул иш чара боюнча мектептеги жогорку класстын кыздары менен иш алып барууну Орунгүл Абдрасулова жетектейт. «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун алкагында бир топ иш чаралар өткөрүлөт. Белгилей кетсем, бул айылда Жаңы-Жер Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) базасында MSF скринингдик борбор ачылган. Ошондой эле уюмдун колдоосу менен ачылган эко-пункт иштейт. Ал жерде адамдар колдонуудан чыккан желим бөтөлкөлөрдү өткөрүп, өздөрү каалаган үй буюмдарын ала алышат.
Жаңы-Жер айылындагы Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин мүдүрү Меделкан Шеримбеков
Иш-чарада каралган маанилүү темалардын бири – бул психикалык ден соолук болду. MSF психологу аялдардын ден соолугунун маанилүү компоненти катары психикалык бейпилдиктин маанилүүлүгүн баса белгилеген презентацияны сунуштады.
Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин уюштуруучусу Орунгүл Абдрасулова жана «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун психологу Эльмира Ибраева менен маектешүү учурунда
«Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун психологу Эльмира Ибраева иш-чаранын соңунда төмөнкүлөрдү билдирди:
«Биз кыздардын жана жаш аялдардын өз ден соолугу жана аны сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга умтулуп жатабыз. Биздин максат – аларга физикалык жана психологиялык жактан жакшы кам көрүү үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөрдү берүү.
Азыркы убакта аялдардын ден соолугу боюнча кам көрүү темасын жаш муундарга ачып берүү үчүн маанилүү кадам болуп калды. Анда жаш кыз-келиндердин өздөрүнүн ден соолугуна болгон мамилесин калыптандыруу боюнча маалымат берүү жана колдоо көрсөтүү зарылчылыгы бар. Бул айыл шаардан алыс жайгашкандыктан жаш энелер, жаш курагы жогорку аялдар, дээрлик көпчүлүк аялзаты турмуш тиричиликтин айынан убагында дарыгерге көрүнө албай калышы мүмкүн. «Чек арасыз дарыгерлер» ушул аймактагы айылдар менен иштешүүдөбүз. Чындыгында бизге жаш келиндерди апалары, кайын энелери же жолдошу коштоп алып келишүүдө. Бул жакшы көрсөткүч деп айтат элем. Бул моралдык же болбосо психологиялык жактан колдоо. Ал эми бизге кайрылган ар бир аял менен психолог иштешет. Эл аралык аялдардын ден соолук күнү 28-майда белгиленет. Бул иш-чара дагы ошол күнгө карата өткөрүлдү.»
«Аялдардын эл аралык ден соолук күнү» 1987-жылы 28-майда Коста-Рикада өткөн Аялдардын ден соолугу боюнча бешинчи эл аралык жолугушуунун натыйжасында демилгеленген. Жыл сайын 28-майда дүйнө жүзү боюнча бул күн белгиленип, аялдардын ден соолугу тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана алардын медициналык кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча күч-аракет жумшалат.
Буга чейин «Чек арасыз дарыгерлер» онкологиялык ооруларды текшерүү иштерин жүргүзүшкөн
Турсун Омуралиева