Чолпон айылынын тургуну, башталгыч класстын мугалими болуп 40 жыл эмгектенген ишмер айым Гулзамира Шакирова азыркы учурда бош убактысында шырдак жасоо менен алектенип келет. Шырдактан тышкары сайма сайып, курак курап, түймө түйөт.
Гулзамира Шакирова башталгыч класстын мугалими болуп 40 жыл эмгектенип, азыркы тапта ардактуу эс алууда. Убагында тарбиячы пионервожатый, кол эмгек сабагынын мугалими да болуп иштеген. Кол эмгек сабагынан балдарга кол өнөрчүлүктү үйрөткөн жана өзүнүн дагы тажрыйбасын өстүргөн.
Баатыр эне Гүлзамира Шакирова өзүнүн алектенген иши тууралуу төмөнкүлөргө токтоло кетти:
«Үйдөн апамдын беш кызы, беш эркеги бар эле, онуна тең бала кезинен шырдак жасаганды үйрөткөн. Ийик ийиргенди кийин үйрөндүм. Өзүм алты балалуу болуп бир эркек, беш кызыма шырдак жасадым. Союз учурунда жашап калган кезимде боёк жок кыйналып, Исфанадан алдырган күнүм болгон.
Шырдактарды Батма Чилдебаевага ойдурам. Ушул оюнун бардыгы Батманын оюлары. Жээктерин, шоонаны да өзүм ийирип ушу кезге чейин жасап келем. Кийизден тышкары курак курайм, сайма саям, эл эмне жасаса ошону жасап келем. Жайында тоого мал менен чыгабыз. Ал жактан сайма сайып келгем. Кичинекей кезибизде атабыз иштеп жүргөн убакта «Дружба» дегендин кийимдерин кийүүчүбүз. Ошонун баарын апам сандыкка салып, катып коюптур. Ошол кийимдерди ыдыратып, сайма сайдым. Кээ бирлери кийинки чыккан кытайдын жоолуктары менен сайылган. Мага балдарым, кыздарым жардам беришет. Куракты өзүм гана курабастан окуучуларга дагы түрдүү барактар менен куратып үйрөтчүмүн».
Гүлзамира Шакирова мындан тышкары түймө түйүп, көл өнөрчүлүктүн түрлөрү менен алектенет.
Акылай Карыпбекова