2018-жыл Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялады. Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында бул указды аткаруу боюнча бир топ иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Aimaktardy onukturuu
Биздин айылыбыз кантип өнүгүп келе жатканындыгы тууралуу кеп кылмакчыбыз. Кара-Суу айылында кандай өнүгүү процесстери болуп жаткандыгын билүү үчүн биз айыл тургундарына кайрылдык.

Айылдын кантип өнүгүп келе жаткандыгы тууралуу айыл тургуну Султаналы Чакчагаев мындай дейт: “Айылыбызга көп нерселер жетишпейт, бирок ошондой болсо да, айылыбызга керектүүлөрү кылынып келе жатат. Азыр айылыбызда 320 орундуу орто мектеп бар. 24 орундуу бала-бакча 4 жылдан бери иштеп келе жатат.

Айылыбызда жамааттык мультимедиа борбор

иштейт, ФАП бар бирок ал мектептин ичинен орун алган, проект жазып, ФАПка имарат салган жатабыз. Биздин айылга эң эле жетишпеген нерсе маданият үйү, жаштардын жана айылдыктардын эс алуу жайы жок.
Айыл жергеси өнүгүү үчүн көп финансалык, материалдык жактан каражат керек, ошондой эле эң керектүүсү айылдыктардын талыкпас эмгеги керек. Мына ошондо гана биздин аймактар өнүгө баштайт”-деди.
Даярдаган: Данияр кызы Назик
Сынак үчүн
625