Темир уста Аманкул Курманалиевдин өз чарбасы негизинен темир усталык. Ал кетмен, күрөк, соко, така, мык, казык жасап, атүгүл сотосунан ажыратып, жүгөрү, талкан, жем жасай турган, шире чыгара турган аппаратты да жасап, керек болсо темир буюм-тайымдарды ширетип, Шекер айылында өзүнүн ордун, кадыр-баркын өйдө көтөрүп жүргөн мыкты инсандарыбыздын бири.
Себеби, күн сайын ошол айылдын кызыкчылыгы үчүн мүмкүнчүлүгүн, убактысын аябай тиричилигин кылып, үй-бүлөсүнө каражат тапкан адам. Ал өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу буларга токтолду:
«Азыр элге керектүү жеке ишкана ачтым. Орусча кузня, кыргызча төкөл деп коёт. Темирлерди эритип, жумшартып, така, казык жасайбыз. Илгери союз тарагандан кийин, ат кошторду жасачубуз. Жугөрү, шак чыгара турган, сотолой тарта турган станокторду жасадым. Азыр талкан, жем тартып, керектүү кетмен, күрөктөрүн жасап жана ширетип беребиз. Жайында алма бышкандан кийин, ширесин чыгарабыз”,-деп айтты Аманкул Курманалиев.
Шекер айылынын тургундары дагы станоктор жана башка темир буюмдарына ыраазы болушууда. Себеби, Аманкул Курманалиев чыгарган станоктор өз керегин элге тийгизүүдө. Айыл тургуну Нуржамал Шаадаканованын айтымында:
“Аманкул акебиздин ишканасына абдан сыймыктанабыз. Шекер айылында биз билгенден ушул адам жасап берет. Ошондуктан, биз Аманкул акенин кызматына ыраазычылыгыбызды билдиребиз”,-деп билдирди Нуржамал Шаадаканова.
Дагы бир айыл тургуну Рысманбет Шаадыкан уулунун айтымында:
“Аманкул чоң атабыздын станокторуна жем, жүгөрү тарттырабыз. Айылга абдан керектүү экен жана башка айылдарда ушундай нерселер болуусун каалайт элем”,-деп билдирди Рысманбет Шаадыкан уулу.
Элдик усталардын бөтөнчөлүгү — алардын чеберчилигинде жана талыкпай эмгек кылганында. Аманкул акенин дагы бир өзгөчөлүгү анын айылдаштары үчүн куруп койгон кичи ГЭСи кызмат кылып жатат. Болгону анын диаметри 2 жарым, 3 метрге тете жана жөнөкөй эле арыкка орнотулган.
Даярдаган: Саадат Нуржан кызы