Арстанбап айылындагы №34 мектепке «Бирдиктүү аракет- алгылыктуу натыйжа» деген ураан астында, биримдикти, жаратылышка болгон жакшы мамиле, жаштардын ынтымагын өзүндө көрсөткөн граффити тартылды.
Кулатов айыл өкмөтүнүн Т.Айбашев атындагы орто мектебинде 16-ноябрдан баштап, 1- 5- 9- 11-класстарынын окуучулары мектепке келип окуусун улантышууда. Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген кырдаалга байланыштуу алгоритмдин негизинде окуучулардын санына карай, …
Пандемия учурунда муктаж үй- бүлөлөргө көмүр, кийим-кече бекер таратылды. Бул демилге Суусамыр айыл аймагында туулуп -өскөн Сыргак Келдибеков жана “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду менен биргеликте алынып келинген.
KyrgyzMedia · Вируска Каршы Вакцина Чыкканга Чейин Коргонуу
Ар бир бойго жеткен кыз сүйлөшүп жүргөн жигити канчалык камкор күйөө болорун түшүнүүгө аракет кылган учур болот. Эгер сиз жигитиңиздин иш-аракеттерине баамчылдык менен баа бербесеңиз, анда анын кулк мүнөзүн да …
Ковид-19 илдети бүтүндөй адамзаттын жашоосуна коркунуч келтирди. Пандемия учурунда элеттеги кары адамдардын саламаттыгы, экономикалык абалы кандай болду? Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургундарынын ой-пикирин билип көрдүк:
Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнө Тасма, Тогузбай, Токтоян айылдары кирет. Үч айылда коронавируска каршы күрөшүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аракети жүрүүдө. Ооругандар болуп калса, үйлөрүндө дарыланып, медайымдар жана айыл башчылар менен …
Тогуз-Торо районунда айымдарды өнүктүрүүгө багытталган борборлор барбы? Же болбосо элеттеги айымдар үй тиричилиги менен гана элекпи? Алар өзүн – өзү өнүктүрүүгө, саламаттыгына кам көрүүгө, жаңы көндүмдөрдү үйрөнүүгө айыл жергесинде кандай …
Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын 1994-жылы тууган жигиттеринен турган “RTS 94” командасы Тенир-Тоо лигасында биринчи орунду жеңип алышты.
Жаңы-Жер айылында COVID-19 илтетинин жайылып кетишинен улам былтыр 16-мартта мектеп окуучуларын карантинге тарашкан. Мектепте 1-класстын окуучуларынан башкасы аралыктан окуп жатышат. Окуучулар мектепти сагынды, бирок балдардын ден-соолугу баарынан кымбат.
Оңолбек Орозобек уулу Акталаа районундагы Баетов айылында туулган. Учурда Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде эки жылдан бери мугалим болуп эмгектенет. Жаш мугалимдин “Жаңы кадам” аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.
Өмүрбек Токтобеков Ак-Талаа районундагы Кадыралы айылында туулуп-өскөн. 26 жаштагы Өмүрбек быйылкы окуу жылынан баштап, С.Атамбеков атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана технология сабагынан мугалим болуп эмгек жолун баштаган.
Өлкөдө элет жерин өнүктүрүү үчүн көптөгөн иштер жасалганы менен андагы эң маанилүү көйгөйлөр көз жаздымда калып келет. Биз бул жолу элет жериндеги аялдарды кыйнаган көйгөйлөргө токтолуп, тиешелүү адистердин оюн угабыз.
Пандемияга байланыштуу окуучулар онлайн окушуп, 1-класстар салттуу түрдө окушкан. Азыркы учурда Түп районунун Тасма айылында 5-9-11- класстар окуп башташты. Мектеп ичинде санитардык эрежелердин сакталуусу көзөмөлдө болуп жатат.
Ош шаарындагы «Экодом» мейманканасында 2020- жылдын 20-ноябрында «Ачык коом- ачык медиа» уюму тарабынан аймактык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү (ММК), кичи коомдук кеңештеринин мүчөлөрү, аймактык телевидениялардын кабарчылары жана жарандык активисттер катышышты. …