Бүгүн, 21-мартта Токтогул шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чара Нооруз майрамына, кыргыз элинин каада салттарына ылайык сценарийленип театралдашкан номер менен башталды. Көрүүчүлөргө Нооруз майрамынын ажырагыс бөлүгү болгон сүмөлөк, көжө татымдары таркатылып, Токтогул райодук маданият бөлүмүнүн, таланттуу энелер жамаатынан түзүлгөн “Энелер Тилеги” тобунун жана балдар чыгармачылык үйүнүн таланттуу уул кыздар тарабынан атайын уюштурулган концерттик программа менен коштолду.
Андан соң Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Акылбек Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы Сапар Кылданов чогулган жергиликтүү тургундарга карата куттукттоо сөздөрүн айтышты.
Иш чара соңунда жергиликтүү тургундарга майрамдык маанай тартулоо максатында спорттун кол күрөш, гира көтөрүү, аркан тартыш оюндары уюштурулуп, жеңүүчүлөргө акчалай байгелер таркатылды.
Даярдаган: Азема Сабырбекова.