Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургуну 73 жаштагы ыр жазган аксакалыбыз Мадыш Шайдылдаев менен маектештик. Анын ырга болгон шыгы бала кезден ойгонуп убагында колдоо көрсөтүлбөй калганын, бир топ жыл ыр жазбай турмуш менен алек болгонун айтып көмүскөдө калган ырлары менен бөлүштү.
«Мен 1952-жылы туулгам, мектепти 1969-жылы бүтүрдүм. Мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка болгон кызыгуум башталды. Мектеп кружогуна катышып, дубал газеталарга жазып жүрдүм. Бирок ошол убакта ыр жазууга жардам берген, колдоо көрсөткөн эч ким болгон эмес, ошондуктан ыр жазуу үзгүлтүккө учурады. Жашоомду улантып, 65 жашымда гана кайрадан ыр жазууга кайтып келдим. Бул убакытка чейин мен техниканы оңдоого көп убакыт бөлүп, ошол эле учурда чыгармачылыкты эстеп, ыр жазууну каалаганымда, айрыкча досторум менен үйгө чогулганда, тамашалуу ырлар жазып баштадым. Булар өзгөчө каалоо жана тилектер менен, туулган күндөргө арналган ырлар болуп, адамдарды куттуктап, алардын жүзүнөн күлкү жаратууга аракет кылдым. Мен ыр жазуу менен гана чектелбейм, мен техникаларды да оңдоо менен алек болом. Бирок ыр жазуунун ар бир жолунда, каалоо тилек жана жашоо кубанычын бөлүшүүдө мен өзүмдү чыныгы чыгармачыл инсан катары сезем. Тагдыр мени ыр жазууга кайра багыттаса да, мен өзүмдүн жолумду таптым, адамгерчиликтүү жана чыгармачыл болуу үчүн убакыт эч качан кеч эмес экенин түшүндүм. Менин кайын журтум ырга жакын адамдар. Байбичем Токтогул Сатылгановдун карындаштары болуп кетет. Ал мектепте англис-тил мугалими болуп отуз сегиз жыл иштеди. Байбичем чыгармачыл,камкор, боорукер адам ал мени дайыма колдоп ырларымды угуп баалап келди. Байбичем экөөбүз беш баланы, үч уул жана эки кызды тарбиялап үйлөнтүп-жайлантык. Менин ырларымдын эң жакшысы байбичем экөөбүздүн «Тилегибиз» деген ырым болду десем жаңылышпайм» дейт Мадыш Шайдылдаев.
Жетимишке жакын ырларды жаратып жакын санаалаш дос-туугандарына арнаган ырларын да окуп берди.
Тилегибиз
Жаш өткөндө жаркылдап күлүп турсак,
Чал-кемпир жанашып бирге отурсак
Небере, чөбөрөлөр жарышкансып
Жаныбызда ары-бери чуркап турса.
Өмүрүбүз узаргансыйт эки эсеге
Неберелер колубуздан бас-тур деп жетелесе
Чал-кемпирге андан артык эмне бар
Жараткандан жалбарып сурай турган.
Балдарыбыз бар,тукумубузду улай турган
Кыздарыбыз бар,чачылганды жыйнай турган
Тообо деп, топук кылып жашайлычы
Кудай көрсөткөнүн ушунчанын.
Убактылуу мейманбыз, бул өмүрдө
Дүнүйөгө түркүк болбойт эч бир пенде
Уул-кыздарыбызга өмүр тилеп өтөлүчү
Биз дагы чын дүйнөгө кеткичекти.
Даярдагандар: Аделя Бакытбекова, Арууке Эсенбекова.